Милиция 13 жаштагы кыздын мугалим тарабынан сабагандыгын четке какты

Шаардык ички иштер башкармачылыгы Ак-Батадагы мектептин мугалими окуучуну сабагандыгын төгүнгө чыгарып жатат. Кыздын сөзүнө караганда аны мугалими сабап койгон деп билдиришүүдө тез жардамдын доктурлары.

Милиция менен дарыгерлердин сөзү эки башка болууда – тез жардамдын башкы доктурунун орунбасары Дмитрий Денисовдун айтуусу боюнча кыз №3 балдар ооруканасына түшкөндө мугалим тарабынан сабалгандыгын айткан.

Денисов окуучуну ооруканага ичи тукул, учсуз нерсе менен сабалгандыгынын айынан жеткирилип келгендигин айткан.

Балдар ооруканасында болсо кыз ал жерге келбегендигин айтууда.

Шаардык ички иштер башкармачылыгы кыздын сабалгандыгын четке кагып жатат.

Мамлекеттик ички иштер башкармачылыгынын басма сөз катчысы Айгүл Давлетбаеванын сөзү боюнча, Ак-Батадагы №3 мектептин окуучусу милиционерлерге велосипедден кулап түшкөн деп билдирген. Милиция кызды №1 ооруканада тапкан.

Окуучу окуган мектептин директору Жамалкан Исмаилова болсо, окуучуну эч ким сабабагандыгын айтып, мектебинде андай иш «такыр» болбогондугуна ишендирүүдө.

«Мен эртели кеч ушул жердемин [мектепте], кече деле ушул жерде болчумун, андай эч нерсе болгон эмес», — деп жатат Исмаилова.

Кыз өзү сурап-билүү үчүн жеткиликсиз болууда.

Авторлор: Улугбек Акишев жана Любовь Шевченко

Которгон: Айсулуу Көкөева