Токмок шаарынын экс-прокурору «ата-журтчу» агасы үчүн иштен «мыйзамсыз» бошотулгандыгына арызданууда

Токмок шаарынын мурдагы прокурору Марс Кыдыкбаев тууганы «Ата-Журт» оппозициялык партиясына киргендигине байланыштуу аны иштен мыйзамсыз бошотушуп салды деп билдирди. Башкы прокуратура болсо ээлеген кызмат ордун чектен ашыра пайдалангандыгы үчүн иштен алынды деп жатат.

Кыдыкбаев Башкы прокуратура аны агасы парламенттеги жалгыз оппозиция — «Ата-Журт» партиясында мүчө болгондугу үчүн бошотту деп айтууда.

«Башкы прокуратурадан адамдар келишип: эмнеге сенин бир тууган агаң Кубанычбек Кадыров оппозицияга «Ата-Журт» партиясына кошулуп кетти? Өзүң арыз жазып, кетип кал, болбосо биз сенин үстүңөн кылмыш ишин козгойбуз. Өзүңдүн агаң үчүн жооп бер -, дешти», — дейт Кыдыкбаев.

Ал аны жумуштан өз ыктыяры менен кетти деген арызга кол койбой койгондо камашкан деп кошумчалап жатат.

Башкы прокуратура Кыдыкбаевди агасы үчүн куугунтуктап жаткандыгын моюнга алуудан баш тартууда.

«Параграф» гезитинде жарыяланган көзөмөлдөө органынын позициясына караганда, мурдагы прокурор «кылмыш фактынын катталгандыгын жашыргандыгы» үчүн иштен бошотулган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кабылдамасына белгисиз адамдар Токмок шаарындагы кылмыштар катталган каттоо китебинин барактары салынган пакетти таштап кетишкен.

Жулунган барактарда 2010-жылы акча каражаттарын жашыруу кылмышынын катталгандыгы боюнча жазуулар болгон.

Укук коргоочу органдар иликтөө жүргүзгөндөн кийин Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн жетекчисин жана прокурор Марс Кадыровду ээлеген кызмат ордун чектен ашыра пайдалангандыгына байланыштуу айыпташып камашкан.

«Бул акциялардын артында [Марс Кыдыкбаевди колдоо митинги] экс-прокурорго «куугунтукталган» деген кейпти кийгизүү, анын прокурор болуп турганда кылган кылгылыктарын жабыш үчүн жасалган айла», — деп билдирет «Параграф» гезити Башкы прокуратурага таянып.

Биринчи Май райондук соту Кыдыкбаевге үй камагына кесүүнү буйруган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Автору: Виктория Мячкова жана Гулзара Бакаева

Которгон: Айсулуу Көкөева