Аскерге нөөмөттүк чакырылгандардын ондон бири абактагыларды кайтарганга кетишет

Коргоо министрлиги жазгы чакырылыштагы 3 миң жоокердин 300үн мамлекеттин жаза аткарууга караштуу абактагыларды күзөт жана кайтаруу Депортаментинин мекемелерине бөлүштүрөт.

Кыргызстандын Коргоо күчтөрү жазгы нөөмөттүк кампанияларды – Куралдык Күчтөрдө кызмат кылууга милдеттүүлөрдү жана башка аскерий уюмдашууларды – анын ичинде 12 миң сом төлөп коюп альтернативдик кызмат кылууларды да ишке ашырууда.

Коргоо Министрлиги 20-апрелде медициналык-аскерий текшерүүдөн өткөн 300 чакырылуучу жоокерди абактагыларды кайтаруу жана күзөтүү Департаментине кызмат кылганга жөнөтүүнү пландап жатат.

Өткөн жумада Коргоо министрлиги биринчи партияны Түштүк-Батыш регионалдык жетекчиликке караштуу аскерий бөлүктөргө жөнөткөн.

Мамлекет боюнча үч миң жоокерди нөөмөттүк кызматка жана 20 миң жоокерди альтернативдик кызматка чакыруу пландаштырылууда.

Кыргызстанда нөөмөттүк кызмат бир жылга созулат.

Жоокер энелер коомдук бирикмесинин жетекчиси Галина Афонина жоокерлерге Кыргызстандын армиясынын шарты жакпайт деп айтты.

Бирок Афонина армиянын казармалары жана кийген кийимдери «нормалдуу» деп эсептейт.

«Бир кездерде бут кийим тартыш эле, бирде болсо шинелдери айрылган болчу […], а азыр нормалдуу», – деди Афонина.

Автору: Зарема Султанбекова

Которгон: Айсулуу Көкөева

Сүрөт Кыргызстандын Коргоо Министрлигинин сайтынан алынды