Космонавт Шарипов Атамбаев менен соттошпойт



Оппозициялык «Ата Журт» партиясынын депутаты Ахматбек Келдибековдун «Салинжан Шарипов Алмазбек Атамбаевди сотко берет» деген маалыматты космонавт мырза четке какты. Депутаттын айтымында, космонавтты 2010-жылкы этникалык кагылышууларда айыптагандыктан Шарипов президентти сотко бериши керек эле.

Салинжан Шарипов «Клоопко» берген интервьюсунда, космонавт Атамбаевди «сотко бергени жатат» деген маалыматты четке какты.

«Болгону президентке [Атамбаевге] кайрылуу болчу. Эч ким эч жакка арыз жазбай эле», — дейт Шарипов.

«КирТАГ» кабар агенттиги, мурунку төрага Ахматбек Келдибековго шилтеме жасап, Алмазбек Атамбаевдин «негизсиз айыптоолору үчүн» космонавт президентти сотко бергени жатат деген маалыматты тараткан.

«Москвага болгон расмий иш сапарымда Салинжан Шарипов мени менен жолукту. Маегибизде президенттин айткан сөздөрүнө таарынгандыгын айтты. Мындай кадамга баргысы келбегенине карабастан, Орусиянын сотуна кайрылууга аргасыз болгондугу жөнүндө Атамбаевге кат жазган», — дейт «КирТАГ» кабар агенттиги Келдибековдун сөздөрүн.

Келдибековдон бул маселел боюнча комментарий алуу мүмкүн болбоду.

Кабар агенттиги жарыялаган Шариповдун Атамбаевге жөнөткөн кайрылуусунун текстине таянсак, космонавт «коргоонуу үчүн Орусиянын сотторуна кайрылууга укугу бар» делет.

Атамбаевдин сөздөрүнүн тегерегиндеги жаңжал

2012-жылдын февраль айында «Вечерний Бишкек» гезити, 17-февралда Атамбаев Ош мамлекеттик университетинин студенттери менен болгон жолугушуусунда Шариповду 2010-жылы жай айында Кыргызстандын түштүк аймагында болгон этникалык кагылышууларда күнөөлөгөндүгүн жазып чыккан.

Этникалык кагылышуулардын күнөөкөрлөрүнүн бири катары саналып жаткан Кадыржан Батыровдун кыймылсыз мүлкү Шариповдун атына жазылгандыкта Атамбаев космонавттын Ош окуяларына тиешелүүлүгүн көрүп жатат, дейт «Вечерний Бишкек».

Бул окуядан бир күн мурун башкы прокуратура, Шарипов Батыровдун жубайынан «Дустлик» компаниясынын акцияларынын 85%ын сатып алгандыгын маалымдаган. Азыркы күндө Шариповдун акциялары камакка алынды.

Кийинчерээк Президенттин басма сөз катчылыгы Атамбаевдин космонавтка айтылган айыптоолорун четке каккан.

«Изделип жаткан Кадыржан Батыровдун мүлкү Салинжан Шариповдун атына жазылган деген башкы прокуратуранын маалыматына карата айтылган президенттин комментарийи «Салинжан Шариповдун Ош окуяларына тиешеси болушу мүмкүн» деп туура эмес жеткирилген», — дейт «Азаттык» үналгысы президенттин басма сөз катчылыгынын сөздөрүн.

Авторлор: Улугбек Акишев жана Любовь Шевченко

Которгон: Бермет Абдыкадырова