Маевка айылынын тургундары Чоң Чүй каналында кыздын сөөгүн табышты

Маевка айылынын тургундары 19-апрелде чоң Чүй каналында (ЧЧК) бишкектик 14-жашаар кыздын сөөгүн табышты. Кыздын туугандары кыз үйдөн «таарынып» кеткендигин айтууда.

Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча кыздын денеси ЧЧКнын күн чыгыш тарабындагы көрүстөндүн жанынан 19-апрелде табылган.

Милиционерлер мерт болгон кыздын денесине көз жүгүртүшүп көргөндө анын киши колдуу болбогондугун байкашкан.

Милиционерлердин биринчи корутундусу боюнча тургундар 25-28 жашар аялдын сөөгүн табышкандыгын айтышкан.

Бирок 20-апрелде мерт болгон кыз – ата энеси Россияда жашаган жетинчи класстын окуучусу экендиги аныкталган.

Чүй ИИБнин басма сөз кызматы кыз туугандары менен «Ак-Босого» конушунда жашагандыгын, жетинчи класста окугандыгын маалымдады.

Алар «Клооп» тарабынан сурап-билүү үчүн жеткиликсиз болушту, бирок тергөөчүгө кыз үйдөн «таарынып» кеткендигин айтышкан.

Жетинчи класстын окуучусунун «таарынычынын» себеби белгисиз.

Кыздын денеси шаардык моргго, медициналык экспертизага жиберилген.

Акыркы эки жылдын ичинде ЧЧКда эң аз дегенде эки бала чөгүп кетти – ӨКМнын маалыматы боюнча ушул жылдын июнь айында каналда бир туугандар: 12-жашаар бала менен 3-жашаар карындашы чөгүп кетип каза болгон.

Балдарды куткарып алган окуялар да болгон — 2011-жылдын августунда каналга жыгылып түшкөн эки жашар кызды өзүнүн туугандары чыгарып алышкан.

Автору: Любовь Шевченко

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Айсулуу Көкөева