Саламаттык сактоо министрлиги бишкектик кыз-келиндерди акысыз гинекологиялык текшерүүдөн өткөрүшөт

Үй бүлөлүк дарыгерлик борборлордун акушер-гинекологдору саат 8:00ден 17:00гө чейин бишкектик кыз-келиндерди өзүнүн ден соолугуна көңүл бурдуруш үчүн акысыз медициналык текшерүү өткөрүүдө. Аялдарга жардам борбору акысыз медициналык текшерүүнү борбордо эмес, региондордо өткөрүү керектигин айтууда.

19 үй бүлөлүк медициналык борборлордун дарыгерлери саат эртең мененки 8:00ден баштап Бишкекте жашаган аялдарды гинекологиялык текшерүүдөн өткөрүп жатышат.

Саламаттык сактоо департаментинин басма сөз катчысы Елена Баялинова медициналык текшерүү аялдардын өзүнүн ден соолугуна көз салуусуна көңүл бурдуруп, ооруну башында эле дарылашы үчүн уюшулуп жатат деп айткан.

«Аялдардын репродуктивдүү саламаттыгы начар, алар өзүлөрүнүн ден соолугуна көңүл бурушпайт, боюнда болуп калып деле аял төрөөр маалына жакындап калганда келет, бул аялдын боюнда болгон мезгилин көзөмөлдөөнү татаалдаштырат», – дейт пресс-секретарь.

Саламаттык сактоо департаменти жүргүзүлө турган акысыз текшерүүлөр боюнча бишкектиктерди эртелеп эле радио жана жүгүртмө рекламадан кулактандырган.

Бирок Аялдарга жардам борборунун юристи Бакыт Качикеева саламаттык сактоо министрлиги акысыз текшерүү жүргүзүлөөрү жөнүндө маалымат жеткиликтүү таркатылган эмес деп айтты.

«Эгерде биздин уюмга билдирүү жөнөтсө биз аны дагы кенен таркатмакпыз, анткени бизде аялдар уюмдары көп, социалдык тармактар жана кварталдык комитеттерге кулактандырмакпыз, ошондо бул жөнүндө көп кыз-келиндер билишмек», – дейт Качикеева.

Юрист акысыз медициналык текшерүүнү Бишкекте эмес, аймактарда жүргүзүш керек деп эсептейт, себебин борбордо жашагандардын финансылык мүмкүнчүлүгү жакшы деп түшүндүрдү.

«Гинекологиялык жактан толук текшерилүү үчүн жабдуулардын көбүнчөсү борбордо жайгашкан жана алардын кызматы кымбат турат. Менин оюмча Бишкекте мындай текшерүүгө ансыз деле баарынын эле мүмкүнчүлүгү бар», – деп жатат юрист.

Фотосүрөттүн автору: «Фликр.ком» сайтынын пайдалануучусу Maigh

Автору: Любовь Шевченко

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Айсулуу Көкөева