Бишкек: Ош базарынын соодагерлери «миңдеген адам менен митингге» чыгаарын айтып, коркутушууда

Бишкектин ири базарларынын биринин соодагерлери борбор шаардын мэри жолдун боюндагы соода орундарын алып салгандыгы үчүн нааразы болууда. Соодагерлер эгер бийликтегилер аларды соода кылуучу иш орундарысыз калтырышса, миңдеген адамдар менен митингге чыгышаарын билдирүүдө.

Ош базарынын соодагерлери бир айдан бери Бишкектин мэриясынын борбордук базардын айланасындагы жолдорду кеңейтүү планына каршы нааразычылык билдиришүүдө.

Жергиликтүү бийликтегилер Киевский жана Бейшеналиев көчөсүндөгү соодагерлерди тротуарга брусчатка коюуп кеңейтүү үчүн орундарын бошотуусун суранышууда.

Соодагерлер алардын акча табуусуна тоскоолдук кылышкандыгына нааразы, ошондуктан алар «миңдеген адамдар чыкчу митингге» даяр экендигин билгизишүүдө.

Базардын соодагери Хандил Мукумова, Ленин районунун акимиатынын кызматкерлеринин жана милициясынын кылган мамилелерине нааразы, анын сөзү боюнча алар базарга келишип, соодагерлерди ордунан «орой» кубалай башташкан.

«Бүгүн Ленин районунун акиминин орунбасары Канат Эшатов келди. Биринчи Май районунун милициялары менен келишти. Алар Ош базарынын көркүн бузуп жатканыбызды айтышып, соода орундарыбыздан куушту. Алар кайдан келсеңер ошол жакка кеткиле дешти. Брусчатка бар жерде туруп соода кылбагыла дешти», — деп арызданууда Мукумова.

Анын сөзү боюнча соодагерлер митингге мамлекет алардын иш орундарын алып койгондугу үчүн чыгууга аргасыз болушууда. «Дордой моторс» базарында соодагерлер үчүн бөлүнүп берилген соода орундары киреше алып келбей жатат дейт Мукумова.

Ош базарынын соодагери Гульбара Саматова ага Борбор Азия боюнча ири базар болгон «Дордойдон» же заводдон иш ордун таап беришсе гана өзүнүн ордунан кетүүгө даяр экендигин билдирди.

«Биз Салымбековдун базарына ["Дордойдун" ээси Аскардын] гана барабыз. Бизди жөн коюшсун. Же болбосо биз иштей турган бир завод же фабрика ачышсын. Базарда иштегенден тажадык», — деди Саматова.

Соодагерлердин айтымы боюнча эгер мэрия жолдорду кеңейтүү боюнча иштерин улай берсе, 20 миңдей ишкер өз ордуларынан кол жууп калат.

«Эч кандай одонолук кылбадык»

Ленин районунун акиминин орунбасары Канат Эшатов Ош базарынын айланасындагы жолду кеңейтүү боюнча иш жүргүзүлгөндүгүн ырастады.

Акимиаттын жана милициянын тогуз кызматкеринин сөзү боюнча алар соодагерлерден тротуарларды оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн орундарды бошотуусун суранышкан. Бирок алар ызы-чуу кылышып, милиционерлерди көкүтүшкөн.

Ленин районунун РИИБинин башчысынын орунбасары Канат Досов эртең менен анын кызматкерлери «эч кандай одонолукту кылбагандыгын» айтууда.

«Ал жерде эл топтолуп калыптыр, биз ошол жерге барып, түшүндүрүү иштерин кылдык. Ал жерде брусчатка коюу иштер жүрүп жатканын айттык [түшүндүрдүк]. Эч кандай одоно нерсе болгон жок. Алар бизди жакшы билишет, биз да аларды жакшы билебиз», — дейт Досов.

Ош базарынын соодагерлери соода орундарынын түртүлүп салынышына каршы бир нече жолу акцияга чыгышкан. Акыркы эки жума аралыгында алар парламенттин имаратында өзүлөрүнүн соода орундарын калтырышын талап кылып, бир нече жолу митинг кылышкан.

Укук коргоочу Назарбек Нышановдун айтуусунда аларды акыркы жолу Ак үйдүн жанында митинг кылып жаткан жеринен милиция кармап кете жаздаган. Укук коргоочу органдардын айтуусунда алар аны түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болчу деп түшүндүрүшкөн.

Автору: Светлана Пак жана Элиза Маныбаева

Редактор: Эльдияр Арыкбаев

Которгон: Айсулуу Көкөева