Атамбаевдин басма сөз катчысы: ЖРТнын өзбек тилиндегиси кала берет

Президент Атамбаевдин басма сөз катчысы жалпы республикалык тестирлөөнүн өзбек тилиндеги версиясы кала берет дейт. Президент жана өкмөт жаштар уюмдарынын жалпы республикалык тестирлөөнүн өзбек тилиндеги версиясын алып салуу боюнча талабын колдобойт.

Президент Алмазбек Атамбаев Билим берүү министрлигинин жалпы республикалык тестирлөөнүн өзбек тилиндеги версиясын сактап калаары боюнча билдирүүсүн колдоорун «Клооптун» журналисттерине мамлекет башчысынын басма сөз катчысы билдирди.

Мына ушундай эле көз карашта экендигин премьер-министр Өмүрбек Бабанов да билдирген — ошондой эле анын басма сөз катчысы Султан Каназаров Билим берүү министрлигин колдоорун айткан.

18-апрелде Билим берүү министрлиги Кыргызстандын орто мектептеринин бардык окуучулары тапшыра турган жалпы республикалык тестирлөөдө, жаштардын бир нече кыймылынын кыргыз жана орус тилиндеги версиясын гана калтырылышын талап кылуусуна карабай — өзбек тилиндеги версиясын сактап калаарын билгизген.

Билим берүү министрлигинин расмий билдирүүсүндө өзбек версиясын алып салуу Кыргызстандагы өзбек тилдүү жарандарынын укугун басмырлоо болот деп билдирүүдө.

Өзбек тилиндеги ЖРТга каршы болгондордун катарындагы «Кыргыз жаштар кеңеши» жана «Ынтымак» аттуу уюмдар — тестирлөө мамлекеттик (кыргыз) жана расмий (орус) тилинде гана болушу милдеттүү деп жатышат.

«Ынтымак» кыймылынын өкүлү Адиль Назаров 20-апрелдеги басма сөз конференциясында ЖРТнын өзбек тилиндеги версиясы «башка улуттардын укугун басмырлап жатат» деп билгизүүдө.

«Мамлекеттик жана расмий тилден бөлөк тилден бөлөк тилдерде да тест өткөрүү — мисалга, өзбек тилине мамлекет тарабынан атайын жеңилдиктерди берүүгө алып келип, башка улуттардын укугун басмырлайт», — деди ал.

Бул идеяларды парламенттик депутаттардын бир нечеси колдоду.

Укук коргоочулар алып салууга каршы

Өзбек тилиндеги ЖРТны Кыргызстандын укук коргоочу уюмдары жана акыйкатчы Турсунбек Акун коргоп жатат.

ЖРТны өзбек тилинде окуган окуучуларга кыргыз же орус тилинде өткөрүү «болбогон нерсе», айрыкча ЖРТнын өзбек версиясы 11 жылдан бери жүргүзүлүп келе жатканда дейт Акун.

«Депутаттардын 11 жылдан бери башка тилде окуп келген окуучуларга тестирлөөнү мамлекеттик жана расмий тилде гана тапшыруусун талап кылуу өзүнүн логикасыздыгы менен таң калтырат», — деди Акун «Клоопко» берген интервьюсунда.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова болсо өзбек тилиндеги мектептердин 90 пайызы мамлекеттик болгондугуна жана аны мамлекет өзбек тилинде окуткандыгына жараша, милдеттүү тестирлөөнү өткөрүүдө да ылайыкташкан шарттарды түзүп бериши керек деп басым жасоодо.

«Мектепте окутуу кайсы тилде жүргүзүлсө, тестти өткөрүү да ошол тилде болушу милдеттүү», — дейт Абдирасулова.

Ал өзбек тилиндеги ЖРТга каршы акциялардын артында «саясий себептери» бар деп эсептейт.

Кыргызстанда 2010-жылы мамлекеттеги эки чоң этникалык топтун — кыргыз жана орус улутунун ортосунда кагылышуу болуп өттү. Анын жүрүшүндө расмий билдирүү боюнча 400дөн ашык адам каза болгон.

Ошол эле убакытта мамлекет башчысы Атамбаев жана бийликтегилер баш болуп, улутчулдук менен күрөшүүнүн жактоочусу экендигин билгизген. Эл аралык кризистик топ баш болгон бир нече эл аралык укук коргоочулар уюмдары Кыргызстанда этникалык өзбектерди дискриминациялоо бар деп эсептешет.

ЖРТ – бул мектептин окуучулары милдеттүү түрдө тест берүүсү. Бул алардын тандаган жогорку окуу жайына өткөнгө зарыл нерсе.

Тестирлөөнүн натыйжасы студент ЖОЖдордо бекер окуй алабы, ошого таасир берет.

2012-жылы жалпы республикалык тестирлөөнү мамлекеттин бардык ЖОЖдоруна тапшыруу үчүн милдеттүү кылып коюшкан.

Автору: Виктория Мячкова

Которгон: Айсулуу Көкөева