Бишкек: милиционерлер эки аялды өлтүргөн деп шектелген адамды кармашты

Ленин районунун ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) кызматкерлери эки аялды өлтүрүп, ошондой эле өзү менен жашаган боюнда бар аял менен өлтүргөндөрдүн бирөөнүн күйөөсүн оор жарадар кылгандыгы боюнча шектелген адамды кармашты. Кармалган күнөөнү моюнга алды.

Ленинский жана Октябрский РИИБинин оперативниктери бишкектик Чүй облусунун Беловодское айылында 18 жашар жигитти кармашкан.

Ал, алдын ала изилдөөлөр боюнча жабыр тартуучулардын үйүнө атырылып кирип, эки аялды өлтүргөн.

Кармалган өзү менен жашаган аялды жана өлтүрүп кеткен аялдын күйөөсүн катуу жарадар кылгандыгы боюнча шектелип жатат.

Тергөөнүн жүрүшүндө өлтүрүлгөндөр менен жарадар болгондор бир үй бүлөнүн мүчөлөрү болгондугу такталган.

Бишкек шаардык ички иштер башкармачылыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, жашы 53 жана 31деги аялдар кол салган жерде эле мүрт кетишкен.

Жети жолу бычак жеген эркек киши ооруканага жеткирилген, учурда реанимацияда жатат.

Жапа тарткан боюнда бар аял шектелген адамдын нике кыйбай, чогуу жашаган аялы болгон деп билдирүүдө басма сөз кызматынын кызматкери. Кылмышкер деп айыпталган, аялды бычак менен бетин жарадар кылган.

Басма сөз кызматы билдиргендей, айыпталуучу өз күнөөсүн моюнга алган, бирок али адвокаты жок.

Мындай, өз аялына кол салгандыгы боюнча шектелген эркекти милициялар тарабынан кармоосу, акыркы айларда алгачкылардан эмес.

Он күн мурда, күйөөсү Жалал-Абад шаарынын борборундагы эт саткан жерде иштеген аялынын башына 15 жолу бычак уруп өлтүргөн.

Ошондой эле аялга жардам берем деген үч адам бычактан жарадар болушкан.

Автору: Любовь Шевченко

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Айсулуу Көкөева