ИИМ: жаза аткаруу мекемесинин мурдагы башчысы торпокту пара катары алган

Уюмдашкан кылмыш жана коррупция менен күрөшүү башкармачылыгы жаза өтөө мекемесинин мурдагы башчысына карата, анын пара катары торпок алгандыгына байланыштуу кылмыш ишин козгогон. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы (ЖАМК) бул кылмыш ведомстводогу коррупциянын ачылышы боюнча алгачкы окуя эмес деп билдирет.

Уюмдашкан кылмыш жана коррупцияга каршы күрөш мамлекеттик башкармачылыгынын оперативниктери жаза өтөө мекемесинин мурдагы башчысы ээлеген кызматын кара мүртөздүк менен пайдаланып жүргөндүгүн айкындашкан.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) билдирүүсү боюнча ал, өзүнүн ээлеген кызматынан пайдаланып, өзүнүн тааныштарын «белгилүү мүнөздөгү» максатта пайда көрүү үчүн кызмат орундарга орноштуруп жүргөн.

Коррупцияга каршы күрөшүү башкармачылыгынын кызматкерлери жаза өтөө мекемесинде текшерүүчү болуп иштеши үчүн мекеменин мурдагы башкаруучусу 13,5 миң сомдук торпокту алгандыгын аныкташкан.

ИИМ айыпталуучунун ким экендигин жана анын иштеген мекемесин тергөөнүн кызыкчылыгында айтпагандыгына байланыштуу ал иштеген жер менен «Клооп» байланыша алган жок.

Кылмыш боюнча шектелгендин үстүнөн коррупциялык кылмыш жана кызмат ордун кыянаттык менен пайдалангандыгы боюнча кылмыш иши козголгон.

ЖАМКтын басма сөз кызматынын кызматкери Александр Никсдорф бул ведомстводогу коррупцияны айкындоо боюнча алгачкы иш эместигин белгилеп кетти.

«Буга чейин эле коррупциялык кылмыштын бешөө дайын болгон. Биз уюшулган кылмыш жана коррупцияга каршы башкармачылыгы менен биргелешип мындай кылмыштарга карата иш жүргүзүп келебиз, коррупциялык схемаларга каршы күрөшүүдөбүз», – дейт Никсдорф.

Кылмыштын далили болгон нерсе алынды, эми тергөө иштери жүрүп жатат.

Автору: Любовь Шевченко

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Айсулуу Көкөева