Камчыбек Ташиев: оппозициянын митинги экинчи болбойт

«Ата-Журт» оппозициялык партиясынын лидери Камчыбек Ташиев оппозиция мындан нары митинг уюштурбасын билдирди. Премьер-министрдин басма катчысы депутат эмне кылгысы келсе ошону кылганга укугу бар, бирок мыйзамдын алкаганда деп айтты.

Ташиев дайыма элдин оюн жана нааразычылыгын билгизип келгендигин жана бийлик менен диалог түзүүгө умтулгандыгын айтты.

Бирок, анын сөзүнө караганда андай аракеттеринен эч нерсе чыкпаганына байланыштуу, ал эми өкмөттү «мактап» гана жүрөөрүн чечкен.

«Биз бизде бар нерселерди болгон мыйзамдардын чегинде карап көрүүнү каалаганбыз. Эми, мындан нары кандайдыр бир нааразылыктар болушу мүмкүн го деп ойлойм. Балким, мыйзам чегинде эмес, балким радикалдуу. Бирок, биздин андай нерселерге тийиштигибиз жок болот», – деп билдирди Ташиев.

Оппозициянын лидери эми премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен жолугушууга умтулбашын жана азыркы бийликтин «уурдап» жана «туура эмес» кылып жатканын «унчукпай» карап тураарын айтты.

«Балким, биздин унчукпаганыбыз кандайдыр жемиштерин береттир», – деди «ата-журтчу».

Премьер-министрдин басма сөз катчысы Султан Каназаров, өз кезегинде «Клоопко» берген интервьюсунда оппозиция ар кандай билдирүүлөрдү жасаганга жана мыйзам чегинде иш-аракет кылганга укугу бар деди.

«Катардагы жарандар – салык төлөөчүлөр анын мамлекеттин өнүгүшүнө байланыштуу альтернативдүү концепттери боюнча ойлонгонго жана ошол маселелерди көтөргөнгө маяна төлөп берип жатат. Анын кеч болсо да саясий системадагы өзүнүн ролун түшүнгөндүгү кубантууда», – дейт Каназаров.

Оппозиция жыл башынан бери үч жерде митинг өткөргөн – Ошто, Баткенде жана Жалал-Абадда.

Митингчилердин негизги талабы, өкмөттүн отставкага кетиши жана президенттик бийлик формасына кайтуу болчу.

Автору: Раим Досункулов

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Айсулуу Көкөева