Кыргызстандык тогузунчу класстын окуучусу Самарадагы олимпиадада үчүнчү орунду ээледи

Нарын шаарынын тогузунчу классынын окуучусу Калима Тиленбаева Самарада өткөн «ИнтеллекТ» аттуу эл аралык олимпиадада Кыргызстандан келген жалгыз призер болду. Сынакка дүйнөнүн он мамлекетинен келген окуучулар катышты.

Россиянын, Кыргызстандын, Украинанын, Казахстандын, Узбекистандын, Пакистандын, Испаниянын, Германиянын, АКШнын жана Кытайдын 2-11-классынын окуучулары «ИнтеллекТ» деген олимпиадада өз ара таймашышкан.

Калима Тиленбаеванын эс-акылы, көңүл коюусу, ой жүгүртүүсү, кыял чабыты тогузунчу класстардын ичинен эң мыкты үч окуучунун катарына кошулуусуна себеп болду.

«ИнтеллекТ» олимпиадасынын катышуучуларынан так ушул параметрлер талап кылынат.

Тогузунчу класстын окуучуларынын арасынан биринчи орунду самаралык Андрей Белоусов жана экинчи орунду Харьковдон келген Анастасия Вороненко жеңип алды.

Олимпиадага ошондой эле башка да кыргызстандык окуучулар барышкан алар: Кубанычбек Арисов, Бегимай Элеман кызы жана Нурмырза Максатбек уулу.

Алар олимпиадада көрсөтүлгөн сегиз номинациянын ичинен үч номинациядан ийгилигин көрсөтүшкөн – «кептин тыгыздыгы жана тактыгы», «эс тутумдун тактыгы», «динамикалуу элестетүү», «кунт көңүл коюу», «системалуу ой калчоо», «образдуу ой жүгүртүү», «эң бат чечим кабыл алуу» жана «темир логика».

Уюштуруучулардын сөзү боюнча, сынак интеллекттин деңгээли мектеп программасынын базасына негизделип түзүлгөн мээ чакмай мисалдар жана логика боюнча сынактар аркылуу бааланат.

Жылда өтчү «ИнтеллекТ» олимпиадасы 1997-жылдан бери орус жана англис тилинде болуп келе жатат.

Олимпиада өткөрүү эстафетасы өткөн жылкы таймашка командалык отчет боюнча кайсы шаардын окуучулары мыкты деген баага татыктуу болсо, ошол шаарга өтөт.

Автору: Любовь Шевченко

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Айсулуу Көкөева

Фотосүрөттүн автору: Atgnclk