Кыргызстандын футбол боюнча чемпионаты: «Дордой» «Кара-Балтаны» уткандан кийин лидер болду

Учурдагы чемпион “Дордой” “Кара-Балтаны” 7:1 эсеби менен Кыргызстандын чемпионатынын экинчи турунда артыкчылык менен утуп, жеке биринчи орунга чыкты. Чемпиондордун коргоочусу Мирлан Мурзаев дубль менен мыктылык көрсөтүп турнирдин эң чебер бомбардирлеринин тизмесин башкарды.

Эсеп матчтын 23-мүнөтүндө, «Дордойдун» коргоочусу Мирлан Мурзаев пенальти жасагандан баштап ачылды.

Эки мүнөттөн кийин эле Мурзаев эсепти эки эсе көбөйттү жана эки оюндагы беш топ менен бомбардирлеринин тизмесиндеги лидерлигин бекемдеди.

Он мүнөттөн кийин Мурзаевдин клубдашы Каюмжан Шарипов өзүнүн соло жүрүшүн гол менен бүтүрүп, эсепти абдан чоң ажырым менен жеңди.

Экинчи таймдын башындагы 56-мүнөтүндө «Дордойдун» капитаны Руслан Сыдыков мыктылыгын көрсөттү.

Кыргызстандын курама командасынын капитаны Азамат Байматов 62-мүнөттө пенальти менен бешинчи голду киргизди. 65-мүнөтүндө Шарипов дубльду түздү.

71-мүнөтүндө «Кара-Балтанын» коргоочусу Вадим Кряковский тереңдиктен пас алып, талаанын кожоюндарынын коргоочусу Талант Самсалиевден качып, Владислав Волковдун дарбазасынын жакын бурчуна голун тепти.

На 77-й минуте «Дордой» закрепил и без того разгромное преимущество — седьмой гол забил вышедший на замаену нападающий Дэвид Тетте.

«Дордой» 77-мүнөтүндө — жетинчи голду алмашууга чыккан чабуулчу Дэвид Тетте, ансыз деле кынтыксыз артыкчылыкты бекитти.

Карабалталыктардын эки голун дагы арбитр оюндан тышкары чыгып кеткен абалы үчүн санаган жок.

«Дордой» катар-катары менен экинчи утушу менен оштук «Алайды» жана канттык «Абдыш-Атаны» үч упайга озуп кетти. Бирок аларда запаста дагы бир оюн бар.

Автор: Анатолий Шаршеев

Сүрөттүн автору: ELF

Которгон: Айсулуу Көкөева