Кызыл-Кыя: Эри аялына борбордогу базарда 14 жолу бычак урган

Кызыл-Кыя шаарынын борбордук базарында эри аялына кол салып, ага 14 жолу бычак урган. Аял Кызыл-Кыя шаарынын ооруканасында жатат, ахыбалы оор.

Жубайлар Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында эмгектенишчү: эри — тачкист, аялы — базардын ашканасында иштечү дейт Кызыл-Кыянын ички иштер башкармачылыгынын тергөөчүсү өзү күбөлөргө таянып.

Ал ошондой эле жекшемби күнү 22-апрелде алар ашканада болгонун жана аялы эринен алтын сөйкө талап кылганын, эри ага каршы болгонун кошумчалап кеткен.

Эри ага «тачки сүйрөп» жүргөнүн жана алтын буюм сатып бергенге анын акчасы жоктугун айткан – дейт укук коргоо органдарынын кызматкери.

Тергөөчү аялы эгер эри ага алтын сатып бербесе, «башкага кетип калаарын» [эркекке] айткандыгын айтты.

«Ошондо күйөөсүнүн жини келип, ашканадан бычакты алып туруп, уруп жиберген», — дейт тергөөчү.

Тергөөчү өзү күбөлөр менен байланыштыруудан баш тарткандыгына байланыштуу, «Клооптун» корреспонденти алар менен сүйлөшө алган жок.

Азыр жапа чеккен аялдын жубайы Кызыл-Кыя шаарынын ИИБнин убактылуу камоочу жайында жатат.

Шаардык ооруканада 48 жаштагы аялдын ахыбалын оор деп баалап жатышат. Ага баардыгы болуп 14 бычак урулган: ичке, моюнга, өпкөгө.

«Ал оор абалда, анткени бычак менен бышылган жаралары көп», — дейт шаардын ооруканасынын дарыгери Жанышбек Жолдошбеков.

Кол салуу фактысы боюнча 107-берене боюнча кылмыш-жаза иши козголгон (ден соолукка коргонуу чегинен ашынган, атайын оор же оор эмес залака келтирүү).

Автору: sevara

Которгон: Айсулуу Көкөева