Москвадагы «Киргизия» кинотеатры кайра оңдолот

Россиянын борборунун мэри шаардагы кинотеатрларды реконструкциялоо боюнча программа даярдаган, анын ичине «Киргизия» да кирет. Москванын баш архитектору кинотеатрлардын ахыбалын «аянычтуу» деп эсептөөдө.

Москванын бийлиги шаардагы жүздөгөн кинотеатрлардын 64үндө капиталдык ремонт кылып, көбүн оюн-зоок өткөрүүчү жана офис жайлары бар соода борборуна айландырууну пландап жатышат.

«Эскилиги жеткен кинозалдар начар иштешет, алардын көбүнө бир топ жылдар бою ремонт жасала элек» — деп келтирет Москва шаарынын башкы архитекторунун сөзүн «Московский Комсомолец» басылмасы.

Кузьминдин сөзү боюнча кинотеатрларды жайгашкан жерине карата, техникалык ахыбалына жана шаардын четиндеги территориялардагы курулуш кырдаалга жараша топторго бөлүшкөн.

Ошол ченемдерге жараша кинотеатрды эмне кылыш керектиги – соода комплексине айлантышы керекпи же капиталдык оңдоп-түзөө иштерин кылыш керекпи чечилет.

«Киргизия» өзүнүн функциясын өзгөртөт: анын аянтынын 70% кино залдар болсо, калган 30% кафе менен ресторандарга айланат.

Кинотеатр 2003-жылы август айында реконструкциялоодон кийин кайра ачылган, учурда Москвадагы эл көп келген кинотеатрлардын бири – анда жети кино залы иштейт.

«Киргизия» Россиядагы кинотеатрлардын эң ири Тармагына «КАРО Фильмге» кирет.

Бул дүйнө боюнча Кыргызстанга арналган азганактай объекттердин бири.

Автору: Зарема Султанбекова

Которгон: Айсулуу Көкөева

Фотосүрөттүн автору: Илья Отькало