Кыргызстандын укук коргоочулары Сотторду тандоо кеңешинин жаңы мыйзамынын формулировкасы менен макул эмес. Анда президент жана парламент өзүнүн чечимине «мотивдештирип», бирок ошол шылтоолорго эмнелер кирээри чечмеленбей туруп эле талапкерден баш тартып коё алаары жазылган.
Сот реформасы боюнча комиссиянын мүчөлөрү, соттук кызматты тандоо боюнча Кеңештин мыйзамында сотко тандалчу талапкерлерден баш тартууда себептерин жазбай коюуну чечишкен.
Мыйзамдын жаңы редакциясы президентке жана парламентке сот кызматына талапкерлерден өзүнүн жеке чечимине таянып, бирок «мотивациялап» баш тартып койгонго мүмкүнчүлүк берет.
Ошону менен катар, Кеңештин талапкерден баш тартуу үчүн кандай себептери болушу мүмкүндүгү мыйзамда жазылбаган.
Бул укук коргоочулар тарабынан нааразычылык туудурууда, эми баш тартууга ар кандай шылтоолор себеп боло берет дешүүдө алар.
«Прецедент» өнөктөштүк тобунун жетекчиси Нурбек Токтакунов, мыйзамдын жаңы редакциясы сотторду тандоодо саясий таасир кылуу күчөйт жана президенттик администрация менен парламентте «коррупцияны көбөйтөт» деп эсептейт.
«Соттор — тандалышы керек, ошону үчүн, аларга президенттин администрациясы, парламент менен келишип алышы орчундуураак, анан ал өттүм деп эсептеп калат», — деди Токтакунов.
Укук коргоочулар эки гана себепти «мотивдешкен» деп эсептөөнү сунуш кылышууда — сотторду тандоо процедурасы бузулганда жана талапкердин кынтыксыз делген кадыр-баркына шек келтирген факттардын ачылышында.
Эки себеп — аз
Президенттин администрациясынан кошулган, Сотторду реформалоо боюнча комиссиянын мүчөсү Индира Жолдубаева укук коргоочулар менен макул эмес.
Анын ою боюнча мамлекеттин башчысы талапкерден кайсы себеп менен баш тартыш керек экендигин өзү чечиши керек, ал укук коргоочулар сунуштаган эки себеп менен чектелип калбашы зарыл деп билдирди.
«Президенттин саясий жоопкерчилиги сотторду тандоо Кеңешине караганда жогору болгондугуна байланыштуу, ага бул талапкерлерди кайтаруу үчүн себеп бар деп эсептесе, аларды кайра карашы мүмкүн — дейт Жолдубаева.
Сотторду тандоо Кеңешинин мүчөсү Айжамал Ажибраимова Кеңешке саясий таасир кылуу болбойт деп эсептөөдө.
Алар сотторду кабыл алууда Жогорку Сотко жана Конституциялык палатага тандоо процедурасына таянышууда — талапкерлер Кеңештин, президенттин жана Жогорку Кеңештин макулдугун алууга милдеттүү.
Мыйзамдын мурдагы редакциясы
Мыйзамдын мурдагы редакциясында, Кеңеш соттукка талапкерлерди президентке жөнөтүшчү. Эгер талапкер аны жактырбаса, анда мамлекет башчысы кайра Кеңешке жөнөтчү.
Кеңеш мамлекет башчысы менен макулдашпай туруп, сотко талапкерди ага кайра жөнөтө ала алчу.
Мындай учурда президент Кеңештин чечимине каршы болбой, Жогорку Соттун жана Конституциялык палатанын мүчөлүгүнө талапкер сотторду Жогорку Кеңештин кароосуна койчу.
Жергиликтүү сот кызматына талапкерлерди мамлекет башчысы 10 күндүн ичинде, баш тартууга укугусуз кабыл алышы керек болчу.
Сот системасында 400дөн ашык адам болуп сот иштейт, алардын 35и Жогорку Сотто, 11 Конституциялык палатада, калгандар биринчи жана экинчи инстанциядагы жергиликтүү соттордо иштешет.
Урматтуу пайдалануучулар, кандай деп ойлойсуздар, сот болуш үчүн талапкерлерди ким бекитиши керек? Өзүңөрдүн жообуңарды төмөнкү форманы пайдаланып, жазып коюңуздар.
Автору: Александра Ли
Редактор: Эльдияр Арыкбаев
Которгон: Айсулуу Көкөева