Абактагы киши «кыйноолорго» нааразылык билгизүү иретинде өзүнүн кан тамырын ачып, курсагын жарган

Каракол шаарынын №3 убактылуу камоочу жайында отурган Андрей Радченко, кыйноолорго нааразычылык билгизгенден кийин өзүнүн кан тамырын кесип, курсагын жарган. Дарыгерлер анын ахыбалын «канааттандыраарлык» деп баалашууда.

Радченко ага карата эки сот чечимине жана Каракол шаарынын ички иштер бөлүмүнүн Максат аттуу кызматкеринин кыйноосуна каршы өзүнө жаракат келтирген.

Азыр ал №3 убактылуу камоочу жайдын ооруканасында жатат. Укук коргоочу Камил Рузиев дарыгерлер анын ахыбалын «канааттандыраарлык» деп баалашууда дейт.

«Азыр, дарыгерлер айткандай, ахыбалы дурус. Биз курсагындагы терең, узатасынан союлган жараны жана сол колундагы жараны көрдүк. Баш аягы болуп анын колунун кан тамырында 16 жолу кескен из бар экен», — деди Рузиев.

Камактагы кан тамырын жана курсагын эмне менен кескендиги такталган эмес, бирок №3 убактылуу камоочу жайдын башчысы укук коргоочуга айыпталуучу оозуна такай лезвие салып жүрөт деп айткан.

«Кыйноолорго» арыздануу

Радченко акыйкатчыга «кат жана оозеки түрүндө» кайрылган. Анын арызынан кийин акыйкатчы №3 убактылуу камоочу жайга барып, абактагы менен сүйлөшкөн. Кыйноо факты далилденди.

«Кыйноолор болгону, албетте, далилденди. Биз укук коргоо органдары тарабынан мыйзамсыз аракеттердин болгондугун таптык», — деп билдирди мамлекеттик укук коргоочу Турсунбек Акун.

Убактылуу камоочу жайдын башчысы комментарий бергенден баш тартты.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу (ЖАМК) басма сөз кызматынын катчысы Александр Никсдорф алар Радченконун колун жана курсагын сойгону жөнүндө маалыматты билишкен эместигин айткан.

Радченкого биринчи соттун чечими баңгизатты сактоо боюнча чыккан. Ал бир жыл, 8 ай камакта отурган.

Бошонгондон кийин Ысык-Көл облусунун прокуратурасына арыз берген. Радченко 2009-жылы аны Максат деген милиция жаагын сындырган деп айтууда. Прокуратурада ал арызды жоготуп коюшкан.

Анан ал ошол эле прокуратурага кайрылган, укук коргоочунун айтуусу боюнча алар Радченкону “тоготуп да коюшкан жок”.

Абактагы кыйноолор боюнча Жогорку Кеңешке, президентке жана омбудсменге бир нече жолу арыз жазган.

Ал өткөн жылы сентябрь айында өзүнө бензин куюп, шаардык прокуратураны өрттөйм деп коркуткан, бирок ширеңке бензинге нымдашып калып, ойлогону ишке ашпай калган.

Караколдун шаардык соту имаратты өрттөгөнгө аракет кылганы үчүн быйыл апрелде аны беш жылга соттошкон. Ал аппеляция менен кайрылган Ысык-Көл облусунун соту анын камактагы мөөнөтүн эки жарым жылга чейин кыскарткан.

Радченконун арызы Жогорку Сотто каралат.

Автору: Александра Ли

Редактор: Эльдияр Арыкбаев

Которгон: Айсулуу Көкөева