«Ар-Намыстын» депутаты: «Манас» аэропортунун сакчылык кызматын күчөтүш керек

«Ар-намысчы» Дастан Бекешев «Манас эл аралык аэропортунун» президентине стратегиялык объектти кайтарууну күчөтүш керек деп сунуштап, аны «ар ким кирип чыга берген короого» салыштырган. Аэропорттун президенти Эрик Шайдинов сунушту караштырып көрөөрүн айтты.

Парламентарий Бекешев мамлекеттин стратегиялык объекти катары эсептелген аэропорттун ишине залал келтирчү адамдардын да киргенге мүмкүнчүлүгү бар болууда деп эсептейт.

Ал «Манасты» «ар ким кире бере турган жер» деп, 22-мартта баасы 347 миң сом турган чет мамлекеттик авиакомпаниясынын учактарынын кыймылдаткычынын уурдалганын мисал келтирди.

Анда кылмыш иши козголуп, милициялар уурулук кылуу жана андан нары кыймылдаткычтарды сатуу боюнча кыргызстандык Нурбек Шаршенбиевди шектешип кармашкан.

«Демек бирөөлөр көзөмөлдөгү территория боюнча басып жүргөнгө жана кыймылдаткычтарды каалашынча араалаганга мүмкүнчүлүгү болгон. Анан да, кыймылдаткыч бир тоннадай оор болушу керек. Аны жонуна салып көтөрүп чыгып кеткен жок да. Сакчылар каерде эле?» – деп суроо салат депутат.

Бекешев Кыргызстандын стратегиялык объектилери боюнча маселени өзү төраганын орунбасары болгон мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетине коюуну убада берген.

Өз учурунда «Манас» аэропортунун президенти Эрик Шайдинов депутат Бекешевдин ою менен макул болуп, өзүнүн кызматкерлеринин жана бөтөн адамдардын аэропортко кирүүсүн карап чыгаарына убада берди.

Автору: Раим Досункулов

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Айсулуу Көкөева