Бишкектин шаардык соту мурдагы прокурордун милдетин аткаруучусуна кылмыш ишин козгоодон баш тартууда


Укук коргоочу Нурбек Токтакунов мурдагы, Биринчи май районунун прокуратурасынын прокурорунун милдетин аткаруучунун үстүнөн райсоттогу кылмыш ишин козготпоого каршы аракет жасады. Токтакуновдун ою боюнча прокурордун милдетин аткаруучу 2009-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын имаратынын алдындагы митингди мыйзамсыз «кубалаган».

Биринчи май сотунун прокурорунун милдетин аткаруучу Кубанычбек Алимов Азиза Абидрасулованын 2009-жылы, УКМКнын имаратынын алдында уюштурган пикетин токтоттурган.

Абдирасулова митингди өткөрүү боюнча юридикалык суроолор жөнүндө акылдашкан Токтакуновдун ою боюнча, Алимовдун иш-аракети туура эмес.

Укук коргоочу Бишкек шаардык сотунда Биринчи май райондук сотунун мурдагы, прокурордун милдетин аткаруучунун үстүнөн кылмыш ишинин козгобоо жөнүндөгү чечимине каршы чыкканга аракет жасады.

Бирок шаардык соттун соту Муслим Султаналиев, Биринчи май райондук сотунун мурдагы чечимин күчүндө калтырып, Алимовдун үстүнөн кылмыш ишин козгобоо жөнүндөгү чечимди күчүндө калтырды.

Нурбек Токтакунов болсо «Тынчтык митингдерин, демонстрацияларды, жүрүштөрдү өткөрүүгө тоскоолдук кылуу» деген берене боюнча кылмыш ишинин козголушуна аракет кылды.

Нурбек Токтакунов добивался возбуждения уголовного дела по статье «Воспрепятствование проведению мирных митингов, демонстраций, шествий».

«Акция жасаардын алдында ал [Абдирасулова] менден юрист катары консультация алганы келген, мыйзамдын алкагында болушу үчүн эмне кылыш керек деген суроо менен, баардыгы мыйзамдуу болчу. Мен да аны мыйзамды жетекчиликке алып, толугу менен консультацияладым. Ал ошонун баарын аткарды. Ошого карабай, прокурор бул акцияны токтотуп, ага мыйзамды бузуп жатат деп, прокурордук эскертүү жазып берген», – дейт Токтакунов.

Алимов, прокуратура органдарында иштеп жүрөт жана соттун отурумуна келген жок, комментарий үчүн жеткиликсиз.

Башкы прокуратура комментарий берүүдөн баш тартып, бул «сотко басым жасоо» деп эсептөөдө.

Прокурор 2009-жылкы акцияны митинг УКМКнын жанында эмес, ипподромдо өткөрүш керек деп түшүндүрмө берип, токтотуп койгон.

Бирок Токтакунов Абдирасулова прокуратураны пландалып жаткан акция боюнча 12 күн мурда кулак кагыш кылган соң, УКМКнын жанында өткөргөнгө укугу бар болчу дейт.

Пикеттин катышуучулары УКМКнын терроризмге каршы акция кылып жатканда адамдардын укугун сактоону талап кылышкан, алардын билдирүүсү боюнча аталган ведомство террористтерди гана эмес, мамлекеттин карапайым калкын да кырып жатат деген.

Автору: Любовь Шевченко

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Айсулуу Көкөева