Чүй облусу: паяльник жарылып, бир киши өрттөнүп кетти

Чүй облусундагы Чүй айлынын тургуну 23-апрелде эртең менен короосунда паяльный лампа менен иштеп жаткан. Лампанын жарылып кеткендигинен 46 жаштагы эркектин денесинин 96 пайызы күйүп кеткен. Ал Чүй ооруканасына келгенден бир топтон кийин көз жумду. Каза болгондун аялы менен төрт баласы комментарий үчүн жеткиликсиз.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Чүй облусунун ооруканасынан билдирүү келип түштү – ооруканада денесинин 96 пайызы күйүп кеткен 46 жаштагы адам каза болгон деп билдирди ведомство.

Басма сөз кызматкеринин айтуусу боюнча эркек аны менен короодо иштеп жатканда лампа жарылып кеткен.

«Паяльный лампадан [от] анын кийимине жабылган, анан ал өрттөнүп кеткен, демек», – дейт ӨКМнын басма сөз кызматынын кызматкери.

Басма сөз кызматы жарылуунун себеби инструменттин бузук болгон деп эсептеп жатышат.

Чүй облусунун ооруканасынан башкы дарыгери айылдашынын ооруканага келип түшкөндөн кийин бир нече сааттан соң каза болгондугу жөнүндө айтып берүүдөн баш тартты.

Ал эс-учуна келбей, каза болду.

Башкы дарыгердин айтуусу боюнча каза болгон кишинин артында аялы менен төрт баласы калган, алар менен «Клооп» байланыша алган жок.

Автору: Любовь Шевченко

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Айсулуу Көкөева