Кара-Балтанын жашоочусу курал-жаракты тапшыргандыгы үчүн сыйлык алды

Кара-Балта шаарынын жашоочусу кылмыш изилдөө кызматкерлерине өз ыктыяры менен курал-жаракты тапшырып, сыйлык алды. Чүй облусунун Башкы ички иштер башкармачылыгынын (БИИБ) басма сөз кызматы граната, Калашников автоматынын төрт магазинин жана пулемётту тапшыргандыгы үчүн эмне сыйлык алгандыгын билбейт.

Кылмыш иликтөө кызматынын кызматкерлери Кара-Балтанын жашоочусунан шаардык таштандыда ташталган курал-жаракты кабыл алышкан.

Чүй облусунун БИИБинин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча аларга эркек киши Калашников автоматынын төрт бош магазинин, пулеметту ошондой эле советтик мезгилдеги кол салууда пайдалана турган кол гранатаны алып келген.

Милиционерлер ага курал-жарактарды өз ыктыяры менен тапшыргандыгы үчүн ошол эле күнү сыйлык ыйгарышкан.

«Клооптун» корреспонденттери алар менен байланыша албай калышты.

Чүй облусунун Башкы ИИМинин билдирүүсүндө мындай тапшыруу акыркы ай ичинде бешинчи жолу болууда.

Милицияга тапшырылган курал-жарактардын ичинде – мергенчинин мылтыгы, Макаров пистолети, колдон жасалган курал жана адистердин айтуусу боюнча, совет доорунан бери Чүй облусунун жашоочусунун короосунда жаткан бомба.

Башкы ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча калкта көп курал-жарактар бар – атылма куралдар, атайын жардыруучу каражаттар, заттар бар, мунун баары экинчи кыргыз революциясынын жана 2010-жылдагы Кыргызстандын түштүгүндө болгон этникалык кагылышынын натыйжасы.
Автору: Любовь Шевченко

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Айсулуу Көкөева

Автор фото: Shaddack