Кызыл китептеги дельфиндер Бишкектин циркинде оюн көрсөтүшөт

Бишкектеги мамлекеттик циркинде биринчи жолу Кара деңиздин делфинарийи келип, көрүүчүлөргө оюн коюп беришет. Оюнда эки үйрөтүлгөн дельфин катышат. Уюштуруучунун сөзү боюнча Кара деңиз дельфиндери Кыргызстанга алгачкы жолу келишти.

Дельфинарийдин уюштуруучусу Александр Сергеевдин сөзү боюнча Кыргызстанга кара деңиз дельфиндерин алгачкы жолу алып келишип жатышат.

«Программада Кара деңиздин афалин — дельфиндери катышат», – деди «Клоопко» берген интервьюсунда Сергеев.

Россиянын Кызыл китебинде Кара деңиздеги афалиндердин саны «кескин» кыскарып кеткен делет. 1977-жылы май айында дельфиндердин саны 140 миңди түзсө, алардын ичинен 36 миңи афалин болчу. Ал эми 1930-жылдары дельфиндердин түрү 1 миллионго жеткен эле.

«Алар көрсөткөн чебердик абдан жогорку баага арзыйт. Алар ырдап, бийлеп, сүрөт тартып, акробаттык трюктарды жасашат, машыктыруучунун айтканына, үндөргө абдан кунт мамиле кылат», – деп айтып берди «Клоопко» берген интервьюсунда цирктик көрсөтүүнүн уюштуруучусу.

Кара деңиз дельфиндери

Сергеев көрсөтүүнүн өзү манеждин ичинде өтөт деп билдирди. Ал жерде Кара деңиздин суусу бар бассейн орнотулат жана заманбап фильтрациясы бар. Деңиз суусунда дельфин үчүн керектелчү витаминдердин баардыгы бар. Эгер деңиз жаныбарлары хлорлонгон сууда көрсөтүү жасашса, алар кеминде сезүү жагынан кыйналышат деп билдирди.

Деңиз жаныбарлары самолет менен Анападан — Кара деңиздин жээгинде жайгашкан шаардан алынып келинди.

Кара деңиздин дельфиндери Кызыл китепке 1999-жылы катталган.

Бишкектин циркинин кассиринин айтуусу боюнча, дельфиндер үч жума бою, эс алуу күндөрү көрсөтүлөт.

Жаныбарлар мурда Кара деңиздин акваторийинде, илимий-изилдөөчү институтунун негизинде Анапанын дельфинарийи түзүлгөн жерде болушчу.

Дельфинарийде эки дельфин оюн көрсөтөт, аттары Зак жана Долли. Цирктик көрсөтүүдө түштүк-америкалык суу арстаны Найва да катышат. Көрсөтүү жалпысынан бир саат бою жүрөт.

Каракол шаарынын жаныбарларды коргоо борборунун директору Салтанат Сейитова деңиз жаныбарлардын «шаарма шаар ташылып жүрүүсүнө» каршы чыкты.

«Такыр болбоду дегенде бир жерде тура берген дельфинарийде кармаса да эч теке эмес, ал эми аларды ар кайсы жерге алып барып жүрүшкөнүн мен кубаттабайм» — , деди “Клоопко” берген интервьюсунда Сейитова.

Дельфинарий – бул үйрөтүлгөн дельфиндерди көрүүчүлөргө көрсөтүү үчүн атайын авариум.

Сүрөттө афалин-дельфиндери.

Автору: Эльдос Казыбеков

Которгон: Айсулуу Көкөева