Ош шаарынын тургуну үйүнө сел киргендигинен улам, өзүн өлтүрүүгө аракеттенген

Сел каптоонун натыйжасынан улам, Туран кичи районунун жашоочусунун үйү «авариалык абалда» болгондуктан ууландыруучу дары ичип алган. Тез жардам кызматы анын өмүрүн сактап калган. Ал эми ӨКМдин маалыматында, суу каптаган үйлөр «кооптуу абалда эмес».

Туран кичи районунун,Маторная көчөсүндө 23-апрелде жаандан улам сел жүргөн. Өзүн тааныштырууну каалабаган жаш үй-бүлөнүн турак-жайын да суу каптап, үй-буюмдарынын баарын сыртка агызып кеткен. Анын ээси ошондон бери шок абалда болуп, бүгүн өзүн өлтүрүүгө аракеттенген.

Жабырлануучунун жубайынын айтымында, күйөөсү кыжалат болгондугунан уу даары ичип алган.

“Тез жардам чакырдык кудай буйруп баары жакшы. Дарыны болжол менен жарым саат мурда ичкен. Эки күндөн бери шок абалында жүргөн. Кандай чоң жоготуу болду, үй эми кулап түшүшү да мүмкүн, ичинен да сыртынан да суу каптаган”,—деп айтты ал.

Ошондой эле бир айга толо элек баласы шарты жок абалдагы үйдө калганын кошумчалады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматчылары сел болгон түнү жабыркаган үй-бүлөөнү терезе аркылуу алып чыгышкан.

ӨКМдин билдирүүсүндө, беш үйдүн жер төлөөсүндөгү сууну сордурушкан. Басма сөз катчысы Абдышарип Бекилов азыр бул үйлөрдө жашоого мүмкүн деп билдирди.

“Орто абалда ууланган”

7-чи тез жардам тобунун кызматкери Амантай Эрмекбаев “Клоопко” берген маегинде, жабырлануучу диагноз боюнча орто абалда ууланган деп билдирди.

“Стресске байланыштуу 10 таблетка барагын [уландыруучу даары] ичип алган. Ошого биз келип жардам көрсөттүк, бирок оорулуу калыптандыруудан баш тартып жатат. Бул жерде өзүн өзү өлтүрүү аракети болгон”, — деди Эрмекбаев.

Топчубек Шералиев бул окуяга күбө болгон. Анын айтымында, сел каптаган үйлөрдүн жашоочулар баары эле оор абалда.

“Психикалык ооруп калгандар көп, бирөөсү үйүндө жатат, коркуп калды да түндө, турса эле бассейндин арасында жатса [...]. Анан бири-бирине чалышып, кыйкырышып, өкүрүшүп бири-бирин чыгарышты”, — деп кейиди Шералиев.

ӨКМдин билдирүүсүндө, Туран кичи районунда 24 короо жайдын жер төлөөсүн суу каптаган. Эки чакырым ички чарба жолу жараксыз абалга келген.

Авторлор: Тахмина Тойчубекова, Кадича Рыскулова

Редактор: Айзат Шакиева