Акыйкатчы: зордукталган кызды зордукчуга «кыздык белгисин жоготкондугу» үчүн эрге беришкен

Өткөн жылдын октябрь айында «зордукталган» он беш жашар кызды ата-энеси аны зордуктады деп шектеген адамга «кыздык белгиси жок» болгондугу үчүн эрге беришкен деп билдирет омбудсмен. Нарын облусундагы Кочкор районунун ички иштер бөлүмүндө нике эки тараптын макулдугу менен кыйылган деп айтышууда.

Мамлекеттин башкы укук коргоочусу Турсунбек Акун Сары-Булак айылынын жашоочуларынан өткөн жылдын 12-октябрында алардын айылдашы 8-класстын окуучусун зордуктап койгон деген арыз алган.

Арыздануучулардын сөзү боюнча 20-23 жаштагы жигиттин үстүнөн кыздын ата-энесинин берген арызына карабай, же милиция же сот органдары эч кандай чара көрүшпөгөнүн айтууда.

Акыйкатчынын аппараты – кызды айылдашына турмушка берип коюшкан, себеби анын «кыздык белгиси жок» болгондугунда деп билдирди.

«Алар [«зордукчунун» ата-энеси] кыздын ата-энесине келип, кызды уулуна беришин, кылмыш ишин козготпошун суранышкан. Кызга бардык шарттарды түзүп беришип, кайра эле мектепте окуй берээрин айтышкан. Алардын уулу жаңылыштык кетирди дешкен», – деп айтып берди омбудсмендин Нарын облусундагы өкүлү Бакыт Рыспеков.

Кочкор районунун ИИМинин билдирүүсү боюнча кыз айылдаштары зордуктады деп айыптаган жигит менен жашап жатат.

Бирок Рыспеков нике кыйылгандан эки ай өткөндөн кийин жигиттин ата-энеси эрезеге жете элек келинди үйүнөн кууп жиберишкен деп айтууда.

«Ал ошол убакыт ичинде жол жээгиндеги кафеде бекер иштеген. Биздин жеке ой жоруубуз боюнча аны тергөөнүн кагаздары оңдолуп, туураланып, айыпталган жак эч кандай орчундуу айыптоого дуушар болбой турган болгондо гана кууп жиберишкен», – деди Рыспеков.

Кочкор районуна караштуу ички иштер бөлүмүнүн ага инспекторунун сөзү боюнча сегизинчи класстын окуучусунун ата-энеси арыз жазып, тергөө иштери жүргүзүлгөн.

Райондук соттун отурумунда эки тарап макулдашууга келген.

Бирок акыйкатчы соттун чечимин «түшүнүксүз» деп, тергөө иштерин Нарын облусунун сотуна караштырганга жиберип, кызга адвокат дайындаган.

Кыздын ата-энеси жана айыпталып жаткан жигит комментарий үчүн жеткиликсиз болууда.

Юрист Надежда Алишеванын айтуусу боюнча, никеге 18 жашынан гана катталса болот, бирок жөндүү себеп менен, мисалга боюнда болсо, жергиликтүү башкаруунун карамагындагы комиссия 17 жаштагыларды каттаганга уруксат бере алат.

Автору: Любовь Шевченко

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Айсулуу Көкөева