Бабанов депутат менен Өкмөттүн жүз күндүк программасы боюнча тартышты

«Ар-намысчы» Анарбек Калматов Өкмөт 100 күн ичинде жасайм деген убадасын аткарган жок, «айткан сөзүнө турган жок» деп билдирди. Премьер-министр Өмүрбек Бабанов парламентарий менен макул болгон жок.

Депутат Калматов парламенттин коалициясынын отурумунда Өкмөттүн ишин сындап, 100 күндүн ичинде эч нерсе кылган жок деди.

«Баардык жерде окудум – эки тизме бекиген, келишимге жетишилди, сүйлөшүүлөр болуп жатат… Бирок натыйжалар жок. Бул жетишкендик эмес, бул силердин кылган ишиңер», – деди Калматов.

Ал социалдык сектор менен саламаттык сактоо секторунан мисал келтирди, анын ою боюнча эч кандай жакшы ийгиликтер жок.

«Отчеттук аралыкта, мындайча айтканда 2011-жылы, 85 миң жумушчу орун түзүлгөн, алардын 8 миңи расмий сектордо, а калганы формалдык эмес. Формалдык эмес секторго – машине жууш, кийим тигиш, кимдир бирөө семичке сатат. Ошонун баарын силер өзүңөр жумушчу орундарын түздүк деп жатасыңар», – деди Калматов.

Калматовдун сөзү боюнча ал Бабановго кирүүгө эки жолу жазылган, бирок кире алган эмес.

«Эгер депутат болуп туруп премьер-министрге кире албаса, карапайым калк эч качан кире албайт», – деп билдирди Калматов.

Депутат өкмөт башчысы «сөзүнө турган жок», 100 күндүн ичинде аткарам дегенди аткарбады деп баса белгиледи.

Өз сөзүндө Өмүрбек Бабанов парламентарий менен макул болбой, өкмөт «чоң» ийгиликтерге жетишти деп эсептеп жатат.

«2011-жыл 2009 жана 2010-жылга караганда абдан жогору турат. Баардык маселелер чечилди. Мамлекеттин казынасына киреше 35 пайызга көбөйдү. Биз маянаны үч эсе көбөйтө алдык. Бул жасалбай жаткан, бирок биз аны жасадык» — деп жооп берди премьер-министр.

Бабановдун сөзү боюнча Өкмөт үч айдан бери койгон маселелерди аткарды, бирок анын сөзү боюнча 100 күн аралыгында «баарын» жасаганга болбойт.

Автор: Раим Досункулов

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Айсулуу Көкөева