Баткен облусу: сибирь жарасы менен ооругандыгы боюнча шектелген адам ооруканага жаткырылды


Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылдык округунун жашоочусу сибирь жарасы менен ооругандыгы боюнча ооруканага жаткырылды. Дарыгерлер оорулуунун ахыбалы стабилдүү деп жатышат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айтуусу боюнча Үч-Коргон айыл округунун жашоочулары оорулуу торпокту союшуп, 21 кишиден турган 3 үй-бүлөгө бөлүп алышкан.

Андан соң айылдыктардын бирөөсү сибирь жарасы оорусуна шектелип, Оштогу облус аралык ооруканага жаткырылган.

Ооруканадагы доктурлар эркек кишини ооруканага алып келишкенде оор ахыбалда болчу деп баалап, сибирь жарасы менен оорушу мүмкүндүгүн айтышууда.

Азыркы учурда ооруган адам изолятордо жатат, медиктердин айтуусу боюнча анын ден соолугу стабилдешти.

Андан бөлөк, этти пайдаланган кишилердин бири да ооруканага кайрылышкан жок, бирок алардын баары дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды.

Сибирь жарасы– адамдар менен жаныбарлар ооруй турган инфекциялык оору, эл аралык медико-санитардык эреже боюнча абдан коркунучтуу инфекциялардын тизмесине кирет.

Сибирь жарасы менен ооругандар көз жумушу мүмкүн.

Фотосүрөттүн автору: Photo Credit

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Айсулуу Көкөева