Баткен: Селдин кесепетинен эки айыл таза суусуз, үч айыл жарыксыз калды

Баткен облусундагы Кыштут, Дара жана Суу-Башы айылдарында селден улам электр энергиясы өчкөн. Бир автоунааны жана 50 малды сел агызып кеткен. Материалдык чыгымдар толугу менен аныктала элек.

Сел тынымсыз үч сааттын тегерегине чейин болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов “Клоопко” берген маалыматында, Баткен райондук электр станциясынында үч айылга жарыкты калыбына келтирүү үчүн авариялык тобу оңдоо жумуштарын жүргүзүп жаткандыгын айтты.

“Азыркы учурда Кыштут, Дара жана Суу-Башы айыл аймактарында электр энергиясы жок. Сел кеткен жерде райондук, облустук жарандык коргоо комиссиялары иштеп жатат”, — дейт Бекилов.

Айылдар арасында ички үч чакырым жол жабылып калган. Ошондуктан материалдык чыгымдар толугу менен аныктала элек.

Айыл аксакалдардын айтымында, буга чейин мындай даражадагы суу ташкыны болгон эмес.

Бул боюнча Кыштут айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Акылбек Сейитмуратовдун билдирүүсүндө, сел бир үйдү жарактан чыгарып, эки айылды суусуз калтырган.

“Кече үч саатын тегерегинде сел кетти[…]. Көп айдоолорду басып кеткен. Анан бир гана үйдүн артынан сел келип бир бөлмөсүнө кирип кетиптир. Анан калган үйлөр анчалык коркунучтуу эмес. Саян, Көпүрү-Башы айылдары 100 пайыз таза суусу жок калды”, — деди Сейитмуратов.

Айылдын иче турган жана сугат суу менен камсыз кылган жалгыз каналды шыгыл басып калган. Ошондой эле жергиликтүү жашоочулардын 50 кара малды жана жүк ташуучу “Портер” автоунаасын агызып кеткен.

Мындан сырткары сел каптаган айылдардын көпчүлүк кожолуктардын айдоо аянтындагы жашылчаларын да жараксыз абалга келген.

Кыштут айылынын жашоочусу Назирба Кайырбанова, башкалардын үйлөрүнүн эшиктерин басып, айдоо аянттарын суу алып кеткендигин айтты.

«Күнгөйдө беш алты үйдү басып калды. Сел каптап үйгө чейин суу кирип кетти. Эң эле коркунучтуу болду. Биздин үйлөр тоого жакын дагы шагылдар келип баары жокту [айдоолорду] басып кетти”, — деди Кайырбанова.

“Клооптун” кабарчылары суусуз жана жарыгы жок айылдардын жашоочулары менен байланыша албады.

Азыркы учурда жергиликтүү бийлик жана ӨКМдин кызматкерлери менен биргеликте материалдык чыгымдарды тактап жатышат.

Редактор: Айзат Шакиева