Бишкек: Түбөлүк отту газга карыз болгондуктан өчүрүп коюшту


Бишкектин Жеңиш аянтындагы Түбөлүк отко болгон карыз 440 миң сомду түзгөн. Мэрия карызды төлөөнү Свердлов районунун акимиатына тапшырган.

«Кыргызгаздын» генералдык директору Евгений Орленко Жеңиш аянтындагы Түбөлүк от 440 миң сом карызы үчүн өчүрүлгөндүгүн айткан.

Орленконун сөзү боюнча бул сумманы учурда ким төлөш керектиги «түшүнүксүз», учурда бул маселе чечилип жатат.

Бишкектин мэриясы Жеңиш аянтындагы Түбөлүк от үчүн Коргоо министри жооп берет деп айтса, ал жактан «Клоопко» ведомство эстеликтин сакталышына жана тазалыгына гана жооп берээрин билдирген.

Орловдун сөзү боюнча шаардык бийлик бул карызды төлөөнү Свердлов акимиатына тапшырган.

Бирок акимиат «Клоопко» бул тапшырма жөнүндө билбегендигин айтты.

Орленко Түбөлүк отту 9-майда жагаарына убада берди.

Автору: Раим Досункулов

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Айсулуу Көкөева