Казакстандын жараны Бишкектин милициясын 50 миңге жакын долларды уурдады деп күнөөлөдү

Ляйла Карпыкова Биринчи май РИИБнын кызматкерлери 2012-жылдын 14-февралында анын үйүндө тинтүү жүргүзгөндөн кийин акчанын жоголгонун байкагандыгын айтууда. Тинтүү жүргүзгөн милиционерлердин бири казакстандыктын айыптоосун жокко чыгарды.

Бишкектин Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери казакстандык ишсиз жаран Ляйла Карпыкованын Кара-Балтадагы үйүндө тинтүү өткөрүшкөн. Анын сөзү боюнча тинтүү жүргүзүлгөндөн кийин 47,5 миң доллары жоголгон.

«Алар жерге болгон документтерди, сим-карталар менен эки уюлдук телефонду алып кетишти, бирок расмий протоколдо бир эле телефон жана бир видео-кассета жазылган», — деп кошумчалап кетти ал.

Карпыкова тинтүүнү “мыйзамсыз” деп саноодо.

Белгисиз бойдон калгысы келген тинтүү жүргүзгөн милиционер тинтүү Карпыкованын мурдагы күйөөсү Марат Абдиевди кармоо максаты менен жүргүзүлүп, баары мыйзамдын чегинде болгондугун айтты.

Ал болжол менен өзүнүн “эски таанышы” Марат Сабировду 2011-жылынын 2-августунда өлтүргөн.

Анын сөзү боюнча алар эч кандай акча алышкан эмес.

Ляйла Карпыкова 23-апрелде Биринчи май РИИБнын кызматкерлеринен акчаны кайтаруусун талап кылып, ачкачылык жарыялады.

“Ишти жабыш үчүн 10 миң доллар”

Карпыкованын мурда Кыргызстандын башкы прокуратурасында иштеп, азыр Казахстандын жараны болгон муруңку күйөөсү Марат Абдиевди тинтүү жүрүп жаткан кезде эч бир негизи жок камоого алышты, дейт Карпыкова.

«Алар үйгө киришти, адамдар, кызматкерлер, операция жүргүзүүгө укуктуулар үйдү тегерете айланып, Марат Абдиев кай жерде деп сурап башташты. Сегиз адам үйгө атырылып кире башташты. Алар Мараттын колдорун бурап аны алып кетишти», — деп айтуудаКарыпова.

Карыповага күйөөсүн камоосунун себебин тергөөнүн сырына шылтап айтпай коюшту.

Оперативниктер Карпыкованын учурдагы күйөөсү, жумушсуз Эрмек Исмаиловду да кармашкан, алар аны эки жарым күн бою Биринчи Май РИИБнын убактылуу камоо изоляторунда камап коюшкан.

Анын күйөөсү Исмаилов камакта жатканда ага УКЖдан чалып, органдын башчысы Марат Абдиевге карата ачылган кылмыш ишти жабыш үчүн 10 миң доллар талап кылганын айтты деп айтууда.

Марат Абдиев Бишкектин №1 убактылуу камоочу жайында эки жарым айдан бери отурат.

Ал “Клооптун” корреспонденти менен сүйлөшүүсүндө “эч кандай өлтүрүүгө” тийиши жок экендигин айтты.

“Өлтүрүү болгон күнү мен Кыргызстандын чек арасынан сыртта болгом. Менин бейкүнөөлүгүмдү күбөлөр далилдей алышат. Менин мойнума мен жасабаган өлтүрүүнү тагышты», — дейт Абдиев.

Бирок Биринчи Май РИИБи сурак кылуу учурунда эч кандай басым болбогондугун айтууда. Ошондой эле алар кылмыш ишин жабуу үчүн акчаны доолагандыгы жөнүндө маалыматты жокко чыгарышты.

Өлтүрүү факты боюнча кылмыш иши Кылмыш Кодексинин №97 (өлтүрүү) жана №168 (каракчылык кол салуу) беренелери боюнча козголгон.

Сүрөттүн булагы: http://www.wallpapertime.com/

Авторлор: Эльвира Акимова жана Aziza Kojonberdieva

Которгон: Айсулуу Көкөева