Баткен: Өзбекстан менен чектешкен 300 үй ташкындын айынан сууда калган

Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешкен Кыргызстандын үйлөрү 25-апрелдин кечинде нөшөрдүн айынан суу алдында калган. Эч ким жабыр тарткан жок. ӨКМ тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кулунду, Интернациональное жана Раззаков айылдары 25-апрелдин кечинде өткөн катуу нөшөрдүн айынан суу астында калган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсү боюнча ташкындын айынан 300 үй жабыр тартса, 30у жараксыз абалга келген.

Баткен облусунун губернаторунун орунбасары Самат Эратов ӨКМнын кызматкерлери чек арачылар жана жергиликтүү жашоочулар менен биргеликте тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат, курмандыктар жок деп билдирди.

Анын сөзү боюнча бардык күч-аракеттер жолдорду тазалоого жана электр энергиясын калыбына келтирүүгө жумшалууда.

«Азыр ичүүчү суу менен электр энергиясы жок. [...] Селдин агымы менен 15 зым карагай агып кетти. Кечкиге чейин оңдолуп калат деген ишеним бар. Эгер болбой калса, ооруканаларга жана чектеш заставаларга генератор беребиз», — дейт Эратов.

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кулунду айыл башчысы Токтосун Азимов айылдын мектеби жабыр тартканын, анын сөзү боюнча «катуу ташкын болгонун» айтып берди.

Интернациональное айылынын жашоочусу Акматалы Кайыпов суу кампасын агызып кетип, үйүн каптады деп арызданууда.

«Бүт сегиз бөлмөнү тең суу каптап кетти. […] ошондой эле 22 сотка эгин талааны, баарын ылай каптап калды», — деп айтууда жабырлануучу.

Быйыл бул суу каптоонун биринчи жолку окуясы эмес, жаздын башталышы менен Кыргызстандын ар кайсы райондорун суу каптап жатат.

Баткен облусунун Кыштут, Дара жана Суу-Башы айылдары 23-апрелде селдин айынан электрсиз жана таза суусуз калышкан. Ош облусунун Кара-Суу районунда22 гектарайдоо талаасын суу каптаган.


Автору: Гулзара Бакаева

Редактор: Эльдияр Арыкбаев

Которгон: Айсулуу Көкөева