Бишкек: мэриянын кызматкери 1 миң доллар жана 15 миң сом пара алган деп шектелип жатат

Бишкектин мэриясынын коомдук-мамлекеттик башкармачылыгынын жетекчисинин орун басары 20 000 сом алып жаткан жеринен кармалды деп билдирди ички иштер министрлиги. Кызматкер Кара-Жыгач мектебин эксплуатациялоого кабыл алуу үчүн жалпы жолунан 1 миң доллар жана 15 миң сом доолаган. Бишкектин мэриясы тергөө иштери бүтмөйүнчө комментарийлөөдөн баш тартууда.

Шаардык ички иштер башкармачылыгына караштуу уюмдашкан кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү башкармачылыгы коомдук-мамлекеттик башкармачылыгынын капиталдык курулуш (КМБККБ) боюнча жетекчисинин орун басарын 20 миң сом алган жеринен кармап, «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» жана «Пара доолоо» деген беренелер боюнча кылмыш ишин козгошкон.

Оперативниктер КМБККБнын кызматкери Кара-Жыгач конушундагы курулуп бүткөн орто мектептин имаратын эксплуатациялоону кабыл албай, акттарга кол коюунун убактын «ар түркүн шылтоо менен» чоюп жаткандыгын аныкташкан.

Ички иштер министрлигинин билдирүүсү боюнча ал объектти курган фирмадан башында 150 миң сом талап кылып жаткан, бирок кийин аны 1 миң доллар жана 15 миң сомго чейин түшүргөн.

«Объектти курууну көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн жооптуу киши, жасалган иштерди түркүн шылтоолор менен кабыл албай жаткан (ошого жараша жасалган иш үчүн акча төлөө да создуктурулуп жаткан)», – деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

Бишкектин прокуратурасы бул фактыны иликтей баштады.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматы ведомствосунун кызматкеринин пара алгандыгы боюнча айыпталып жаткандыгын ырастады, бирок аны комментарийлөөдөн баш тартууда.

Ошондой эле басма сөз кызматынын кызматкери, мындай окуялар шаардык мэрияда канчалык деңгээлде тез-тез болуп тураарлыгын билдирүүдөн баш тартты.

Автору: Зарема Султанбекова

Которгон: Айсулуу Көкөева