Бишкектин коомдук транспорту май айынан баштап кымбаттайт

Бишкектин шаардык кеңеши бүт коомдук транспортко тарифтерди бекитти. Транспорттук компаниялар жана шаардык мэриянын транспорт департаменти мындай кымбаттоону “жеткиликтүү эмес” деп эсептөөдө.

Эми автобус менен троллейбуста жол киренин баасы 8 сом, маршруттук таксинин баасы – 10 сом, саат 21:00дон кийин 12 сом, жүргүнчүлөрдү шаардын сыртына ташыган “Экспресс-маршруттук такси” —12-17 сомго чейин болот.

Бааны көтөрүү боюнча чечимди Бишкек шаардык кеңештин депутаттары чечти.

Тарифтерди көтөрүү маселесин вице-мэр Төрөбек Имашев демилгелеген. Ал учудагы тарифтер 2008-жылы ноябрь айында кабыл алынган жана алар азыр өзүн актабайт деген. Ушул убакыт ичинде көмүр, күйүүчү май, электр энергиясы жана машине тетиктери кымбаттады.

Ардагерлер менен мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн баалар ошол бойдон кала берет.

Маршруттук таксинин баасы 10 сомдон көп болушу керек — мындай жоопту «Клооптун» журналисттери сурамжылоо жүргүзгөн 9 транспорттук компаниясынын 8өө жооп берген.

Шаардык кеңештин депутаты Павел Десятников тарифти көтөрүүнү “аргасыздыктын айласы” деп эсептейт.

«Башка жол жок — тарифке бааны көтөрүш керек. Эгерде солярка жок болсо айдап себүү мүмкүн эмес. Бул жакшы айла эмес, бирок биз түшүнөбүз, бирок күйүүчү майга акча дагы да көтөрүлө берет», — деп цитаталайт депутатты «24.kg»

Транспорт департаментинин башчысы Заитбек Назырынбеков мындай тариф азырынча «бир аз канааттандырарлык» дейт. Бирок ал жол кире 12 сом болушу керек деп эсептейт.

Бишкекте баш-аягы болуп маршруттук таксинин 48 компаниясы иштейт, бул борбордогу эң популярдуу транспорттун түрү.

«Клооп» сурамжылоо жүргүзгөн компаниялардын үчтөн экиси жол киренин оптималдуу баасы 15 сом болушу керек деп эсептешет.

Алардын ою боюнча жол киренин эки эсеге жакын кымбатташы күйүүчү майга жана ремонтко кеткен чыгашаны жаап, жүргүнчүлөргө ыңгайлуураак шарттарды түзөт.

«Көпчүлүгү жүргүнчүлөрдү тыгып алышат, тургузуп айдашат. Эгер жакшы орундуктарды коюшса, жол ыңгайлуу болмок – жакшы отургучтарда жол жүрүшмөк», – деди «Дордой-Транс» транспорттук компаниянын өкүлү.

«Лига» транспорттук компаниянын директорунун орун басары Сергей Витязев кымбаттоонун мындай биринчи этабы, «айдоочулардын жана алардын үй-бүлөсүнүн көңүлүн жай кылганга жана улаганга» жетет деп эсептейт.

«Бул калкты да, укук коргоочуларды да кандайдыр бир этапта канааттандыруучу компромисстүү тариф», дейт Витязев.

Бишкектеги маршруттук таксинин баасы алардын көбү менчик компанияларга караса да, шаардык бийлик тарабынан тартипке салынат.

Акыркы жолу жол кире 2008-жылы – 5 сомдон 8 сомго көтөрүлгөн.

Автору: Александра Ли

Редактор: Улугбек Акишев

Автор фото: Эльёр Нематов