Чүй облусу: таанышын зордук кылды деп айыптаган айылдык кыз өзүнүн көрсөтүүсүнөн баш тартты


Милицияга зордукталгандыгы жөнүндө арыз берген Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылынын жашоочусу, милиционерлер анын таанышын кармашкандыгын уккандан кийин өзүнүн айыптоосунан баш тарткан деп билдирет Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы. Жигит РИИБдин билдирүүсү боюнча убактылуу камалуучу жайда кармалган жана кызга үйлөнгөнү жатат.

Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери 23-апрелде «зордоодон запкы көргөн» айылдык кыздын таанышын кармашкан.

Арызга караганда аны 23-апрелде саат 3:00до, Таш-Дөбө айылынын көчөсүндө чала тааныш жигит күч колдонуп зордуктап кеткен.

Бирок кыз анын кармалганын уккандан кийин өзүнүн айыптоосунан баш тартып, жыныстык катнашка өз ыктыяры менен баргандыгын билдирген.

Иликтөөнүн жүрүшүндө залал көргөн кыз «кордоочу менен» тааныш болчу жана түнкү саат 03:00дө аны менен чогуу болгон, ошол маалда жыныстык байланышка барган – аны медициналык экспертиза далилдеген.

ИИМдин билдирүүсүндө ал кызга үйлөнөм деген жигит учурда убактылуу кармалуучу изолятордо жатат жана адвокаты жок.

«Клооп» аны менен байланыша алган эмес.

Камалгандын туугандары аны жер которбой тургандыгы жөнүндө билдирүү жазып, чыгарып алганга аракет кылышууда.

Фотонун автору: Alexander Kuznetsov

Автору: Любовь Шевченко

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Айсулуу Көкөева