Нарын: Атасы уулун балталап салды

Жумгал районундагы Байзак айылынын жашоочусу өз уулун балталап салды. Өспүрүм райондук ооруканага оор абалы менен жеткирилип, беш сааттан кийин көз жумган.

Жумгал районунун ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Дамир Исаков «Клоопко» Байзак айылынын 67деги жашоочусу үйүнө мас болуп келип, уктап жаткан баласын балта менен бир нече жолу уруп жиберген деп айтып берди.

Исаковдун сөзү боюнча мас абалдагы атасы баласынын үйдөгү чарба менен алектенбей уктап жатканына жини келип, баласын балта менен уруп таштаган.

«Андан кийин эшикке чыгып, кичүү баласын көрүп: «мен сенин агаңы уруп койдум, ооруканага алып баргыла» деген да, үйгө келип уктап калган», — дейт Исаков.

Өспүрүм эс-учу жок ахыбалында райондук оорукананын реанимация бөлүмүнө жеткирилген. Бирок алган жаракаттын айынан каза болгон.

Өспүрүм жеткирилген райондук оорукананын хирургу Таалай Жумабеков, бала «өтө оор абалда» жеткирилген деп айтты.

Хириргдун айтуусу боюнча жабыр тарткан баланын баш сөөгү көптөгөн жеринен ачык жаракат алган, ошондой эле желкеси, астыңкы жаагы жана чекеси сынып, талкаланган.

«Атасы аны үч жолу урган: желкеге, чекеге жана астыңкы жаагына. Төртүнчү урган жери чыкый жана кулак түпкө. […] ал беш сааттан кийин өлгөн», — деп айтып берген дарыгер.

Атасынын адвокаты Самыйбек Усенмолдоев «атасы баласы экөө бир күн мурда абдан катуу урушуп кеткен» деген божомолдоо бар дейт. Тагыраак маалыматты адвокат тергөө ишинин кызыкчылыгына байланыштуу айтуудан баш тартты.

Каза болгон өспүрүм үй-бүлөдө экинчи бала болгон.

Дамир Исаков кылмыш иши КК 97-берененин 2-бөлүгү боюнча козголгон деп билдирди. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Өлтүргөндүгү боюнча шектелген атасы учурда Жумгал районунун убактылуу камалуучу жайында.

Сүрөттүн автору: Эльёр Нематов

Автору: Миргуль Эшбаева

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Айсулуу Көкөева