Бишкектин мэриясы Ленинграддагы блокаданын баатырларына эстелик коюш үчүн 2 миллион сом бөлдү

Ленинград блокадачыларынын Кыргызстандагы коому «Газпром нефть Азия» ишканасынын колдоосу менен, 1941-1944-жылдардагы блокаданын баатырларына багыштап, 30 миң АКШ доллары сарпталган эстелик орнотту. Мэрия мемориалды жашылдандыруу жана камкордукка алуу үчүн 2 миллион сом бөлгөн.

Ленинград блокадачыларынын Кыргызстандагы коомунун төрайымы Анна Кутанова «Клоопко» эстеликке 30 миң доллар корогонун айтып кетти.

«Биз өз күчүбүз менен 10 миң доллар чогулттук, 20 миңди бизге Газпром Нефть Азия берди», – деди Кутанова.

Бул акчалар коомдун эстеликти орнотушу үчүн жетти.

Эстеликте бала көтөргөн аял чегилген. Кутанованын сөзү боюнча бул Ленинграддын жашоочуларынын Кыргызстанга эвакуация болгондо көргөн жардамын символдоштурат.

Шаардык бийлик Жеңиш паркындагы мемориалды жашылдандыруу жана камкордук кылуу үчүн 2 миллион сом бөлүп берди.

Мэриянын басма сөз кызматы азыркы учурда 18 миң бир жылдык гүлдөрдүн отургузулгандыгын айтты.

Мемориалдын ачылышы Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилиндеги, Германиянын багынуусуна бир күн калганда, 8-май күнү өтөт. Ал эми кийинки күн, Кыргызстанда Жеңиш күнү деп белгиленип келүүдө.

Ленинградды блокадалоо – бул немис армиясынын Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде 1941-1944-жылдар аралыгындагы, чыгыш фронтунда Ленинградды – азыркы учурдагы Санкт-Петербургду басып алуудагы узакка созулган аскерий операция.

Автору: Раим Досункулов

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Айсулуу Көкөева

Фотосүрөттүн автору: Борис Кудояров