Кыргызстандын мусулмандары жамгыр жаасын деп намаз окушат

Муфтий Чубак ажы Жалилов мамлекеттин бардык имамдары жамгырдын жаашы үчүн «Аль-истико» намазын окушсун деп токтом чыгарды. Гидрометборбору бул жөнүндө комментарий берүүдөн баш тартууда, бирок 27-апрелде жамгыр жаап, чагылган болушу күтүлөт деп билдирип жатат.

Кыргызстан Муфтиятынын башкармачылыгынын (КМБ), басма сөз кызматы билдиргендей, Чубак ажы Жалилов бардык имамдарга 27-апрелде, Гидрометборборунунун жума күнгө болжолдоосун билбей, «Аль-истико» намазын окуу жөнүндө токтом чыгарууну чечкен.

Муфтий өзүнүн чечимин «жазгы кургакчылыктын» болушу менен түшүндүргөн.

Андыктан, муфтияттын басма сөз катчысынын сөзү боюнча жума намазда мусулмандар имамдар менен кошо айдоо талааларына чыгышып, «Алладан» жамгырдын жаашын сурашат.

«Жамгырдын жаашы боюнча сыйынуусун жамгыр башталганча улай беришет», – деди басма сөз кызматы.

Комментарий берүүдөн баш тарткан Гидрометборборунун билдирүүсү боюнча, 27-апрелде жамгыр жаап, чагылган болот.

Гидрометборбор 26-апрелден 30-апрель аралыгында шашылыш билдирүү жарыялаган – нөшөрлөгөн жамгырдын айынан мамлекеттин түштүк райондору жабыр тарткан.

Ош облусунун Кара-Суу районунда22 гектарайдоо талаасын суу каптаган: Баткен облусунун Кышрут, Дара жана Суу-Башы айылдары ичер суусуз жана электр энергиясысыз калган.

Автору: Зарема Султанбекова

Которгон: Айсулуу Көкөева