Ош облусунда 300дөн ашуун үйдү сел каптады

Ош облусунун 26-апрелде Кара-Суу, Өзгөн, Араван, Ноокат, Кара-Кулжа райондоруна караштуу айылдардагы үйлөрдү суу каптады. Турак-жайсыз калгандар ӨКМден жардам күтүүдө. Адам өмүрүнө коркунуч болгон жок. ӨКМ тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Кара-Суу районуна караштуу Нариман айыл өкмөтүнүн Беш-Мойнок айылында сегиз үй-бүлөнүн турак-жайы жараксыз абалда.

Бул айылдын жашоочусу Тилдекан Рыскулова, селден улам үйүнүн жер телөөсүнө суу кирип, азыркы учурда үй-бүлөсү менен кичи автобуста жашап, ӨКМден азыркыга чейин жардам күтүп жаткандыгын айтып берди.

“Өзү негизи селдин келгени бүгүн үчүнчү күн. Бүгүн өтө оор келди. Мен эки күндөн бери кичи автоунаада жашап жатам. Үч балам бар. Ар дайым суу келет менин каптайт. Жамгыр жааган сайын сел келет”,—дейт Рыскулова.

Баатырбек Эргешов, Кара-Суу районунун архитектура кызматкери өзүнүн үйүнүн абалы “эң жаман” деп аныктагандыгын, азыр ага баш-паанек зарыл болуп жаткандыгын айтты.

“Ушунчалык калганына сүйүнүп жатам [үй-бүлөсү менен аман калганына]. 8-9 жан кай жакка барат элек. Эми бизге тез аранын ичинде бир палата же эки палаткабы берип койсо кошуна экөөбүзгө. Дагы келсе дөңгө тигип балдарды киргизип турмакбыз [...]“,— деп кейиди Эргешов.

Эгерде мурунку селкана болбогондо, үйү түп тамыры менен жок болоорун Эргешов кошумчалады.

Азыр алар туугандарын үйүндө жашап жатышат.

Ошондой эле суу ташкыны айыл үстүндөгү селкананы жарып, эки чакырым асфальт жолун жеп кеткен.

Өзгөн районунун Куршаб округуна караштуу Кызыл-Сеңир айылынын башчысы Каныкей Өмүрзакованын айтымында, үйү жакшы эле абалда, бирок көчөнү суу менен ылай басып кеткендиги кыйынычылыктарды жаратууда.

“Түнкү саат бирде аябай суу, биз арыктан ашты деп ойлодук эле. Арыктан ашпай эле, эң чоң каналыбыздан жырып кетип малканаларыбызга адам киргис, огороддорубузду басты, үйлөрүбүдү басты. Айла жок нар жакты бер жакты карап отурабыз […]. Азыр өзүбүздүн үйүбүздөн өзүбүз чыгалбай жатабыз”,—деди айыл башчы.

Мындан сырткары аталган айылдарынын ички чарбалык жолдорун, эгин талааларын жана сугат каналдарын суу каптаган. Айыл өкмөттөр жана ӨКМ кеткен чыгымдарды эсептөөдө.

ӨКМдин берген маалыматында өзүнчө куткаруу отрядынан 23 куткаруучу, сел каптаган айылдарга кетип жаткан сел сууларынын нугун буруу үчүн ыкчам түрдө каптарга кум толтурушуп, суу бөгөө иштерин жүргүзүштү.

Авторлор: Ширин Камалова, Дастан Үметбай уулу

Редактор: Айзат Шакиева