Журналист Фарафоновдун жактоочусу айыптоочу тараптын күбөлөрүнүн акыл-эси жайындалыгына ишенбей жатат

Михаил Королду суракка алган адвокат анын акыл жөндөмдүүлүгүнөн шек санады, себеби ал эч нерсени эстей алган эмес. Адвокат соттук-психологиялык экспертиза өткөрүүнү сунуштады. Сот адвокаттардын талабын эске алган жок.

Журналист Владимир Фарафоновдун сотунун алтынчы жолку отурумунда күбө катары арыз жазгандардын бири — Михаил Король күбөлүк көрсөтүүлөрү менен чыкты.

Фарафоновдун үстүнөн Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына Михаил Король, Сергей Жигайлов, Денис Иващенко жана белгисиз «Асик» аттуу юрист арыз берген. УКМК бул иш боюнча кылмыш ишин ачып, журналисттин макалаларын Башкы прокуратурага жөнөткөн.

Журналисттин адвокаты Владислав Лужанский күбөнү суракка алып жатканда анын «акыл-эси кемдиги» боюнча шекшип, соттук-психологиялык экспертизадан өткөрүүнү талап кылды.

Соттук-психологиялык экспертиза айыпталуучунун, шектелүүчүнүн, доочунун жана жоопкердин (эгер алардын акыл-эстүүлүгүнөн шек саналып жатса) психикалык абалын текшерүү үчүн жүргүзүлөт.

Фарафоновдун адвокаты экспертиза жүргүзүү үчүн негизги себеп катары доочу Король жана андан мурда чыгып сүйлөгөн айыптоочу жактын күбөсү Сергей Жигайловдун «өз колу менен жазган арыздын эч нерсесинин эсинде жоктугун» атады.

«Биз, балким, прокурорго алып салууну (тергөө материалдарын) жана ишти токтотууну кеңеш кылаттырбыз? Күбөлөр жалган турбайбы», — деп айтты Лужанский.

Бирок прокурор адвокаттын сөзүн кабыл албай, күбөнү сурак кыла берди.

Сот дагы адвокаттын талабын кабыл алган жок.

Коргоо тарабы дагы бир экспертизаны өткөрүү керектигин айтып коркутту — кол жазма боюнча, себеби адвокаттын ою боюнча арыздануучулардын аты-жөнү «бир кол» менен толтурулган.

«Атыбыз менен фамилиябызды бардыгыбыз өз колубуз менен жазганбыз», — деп, Лужанскийдин сөзүн четке какты Король.

Соттун отурумунун жүрүшүндө Фарафоновдун адвокаттары доочулар менен УКМКнын ортосунда байланыш бар деп көп жолу белгилешти.

Михаил Король муну төгүндөп, «УКМК менен байланышынын жоктугун» айтты.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы «Клооптун» корреспондентине соттун жүрүшү боюнча комментарий бере албасын билдирди.

Басма сөз кызматы бул айыптоолорду ырастаган да, төгүндөгөн да жок, айыптоонун чындыгын сот гана чечиш керек деп билдирди.

Журналист Фарафонов бир нече веб-сайтта, анын ичинде «Русское единство» кыймылындагы баракчада улут аралык араздашууга чакырган 16 макаланы жарыялаган деген айып менен күнөөлөнүүдө.

Кыргызстандын укук коргоочу органдарынын көңүлүн бурдурганы Фарафоновдун «Русское единство» деген сайтында жарыяланган макаласында ал 2010-жылкы этникалык араздашууну сүрөттөп жатып, «кандан башы айланган айылдык жаш кыргыздар кичинекей өзбек балдардын башын кесип жатышты» — деп жазганы болду.

Илимдер академиясы Фарафоновдун макаласынын бешөөндө улут аралык араздашууга үндөгөн чакырыктарын талдагандан кийин, ага тергөө иштеринин жүрүшүндө иликтелген компьютеринен өчүрүлгөн 11 макала үчүн да кошумча айып тагылган.

УКМКнын кызматчыларынын маалыматы боюнча Фарафоновдун компьютериндеги макалалар кайра калыбына келтирилген. Бирок журналист табылган тексттер «жасалма» экендигин айтып, алардын өзүнө таандык экендигинен баш тартууда.

Акыйкатчы Турсунбек Акун баш болгон соттоо процессинин сынчылары, Кыргызстанда улут аралык кастыкты туудуруу боюнча басма сөздө макалаларын жарыялаган кыргыз тилдүү улутчулдар кармалбагандыгын айтып, бийликти бир беткейлик жагынан күнөөлөштү.

Соттун эмки, 11-майда өтө турган отурумунда коргоо тарабындагы күбө катары өтөөчү журналист Улугбек Бабакуловдун жана саясат тануучу Александр Князевдин чыгуулары күтүлүүдө.

Сүрөттүн автору: Эртабылды Икрамидинов

Редактор: Улугбек Акишев

Автору: Евгений Погребняк

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Айсулуу Көкөева