Бишкектин мэриясынын газы өчүрүлбөйт


Шаар бийлиги «Кыргызгазга» 3,5 миллион АКШ доллары көлөмүндө карыз болгон мэриянын карызынын бөлүгүн төлөгөндүгү үчүн газын өчүрбөй турган болду. Мэриянын газын өчүрүү 1-майга пландалып жаткан.

Мамлекеттик ишканалар Кыргызстанды газ менен жабдуучу казакстандык «Казтрансгаз» ишканасына 7,5 миллион АКШ доллар көлөмдөгү карызынын 3,5 миллионун төлөп беришти.

«Кыргызгаздын» басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча Казакстан мамлекетке көгүлтүр отту берүүнү үзгүлтүккө учуратпайт.

«Кыргызгаздын» 17-майдагы билдирүүсүнө ылайык, шаардык бийлик газ үчүн беш айдан бери акча төлөшкөн эмес.

Анда мэрия карызды бюджеттин каражатынын жоктугуна байланыштуу деп түшүндүргөн.

Бишкектин газ чарбачылык башкармачылыгынын жетекчиси Таалайбек Далбаев, мэрия Бишкекгазга карыз болгон, Бишкекгаз өз учурунда « Казакстандын «Казтрансгазынан» газ алган Кыргызгазга» карыз болгон деп айтып берди.

Ошол эле учурда өнөр жай, энергетика жана жылуулук ресурстар министринин жардамчысы Арлан Осмонжанов ведомство газды Казакстан тарабынан өчүрүүгө жол бербе йт деп билдирген.

Карыз болгондордун ичинен мэриядан башка бир топ мамлекеттик структуралар жана мамлекеттик ишканалар бар, мисалга «Кыргызжилкоммунсоюз», «Бишкек жылуулукэнерго» жана Кант цемент-шифер заводу. Учурда алар да карызын четинен төлөй башташты.

Автору: Любовь Шевченко

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Айсулуу Көкөева