«Москоу Пост» Бабанов менен Утемуратов экөөнүн сүйлөшкөндүгүн төгүндөдү

Россиялык «Москоу Пост» интернет-гезити Кыргызстандын премьер-министри Өмүрбек Бабанов жана Казакстандын президентинин кеңешчиси Булат Утемуратов экөөнүн ортосундагы сүйлөшүүнүн стенограммасынын аныктыгын төгүндөдү.

Гезит өзү иликтөө жүргүзүп, 24-апрелде жарыялаган стенограммасынын анык экендигине күмөн санап жаткандыгын билдирди.

«Редакция тарабынан иликтөө жүргүзүлгөндөн кийин маектин чындык экендиги аныкталган жок. «The Moscow Post» редакциясы кечирим сурап жатат», – деп жазат гезит.

Гезит 24-апрелдеги «Чакан мамлекеттеги зор мүмкүнчүлүктөр», аттуу макалада, Бабанов менен Казахстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин оң колу – Утемуратов экөөнүн ортосунда болгон деп шектелген сүйлөшүүнүн стенограммасы жарыяланган.

Сүйлөшүүлөрдө Бабанов Утемуратовго Кыргызстандагы ири уюлдук операторлордун бири – «Мегакомду» — казак бизнесине өткөрүп берүүнү убада бергендей сыяктанат.

«Сүйлөшүүлөргө караганда кеп Кыргызстандагы 2010-жылда болуп өткөн революциядан кийинки улутташтырылган бир топ объекттерди жана кен казып алынчу жерлерди сатуу жана менчикти кайра бөлүштүрүү жөнүндө болуп жатат», – деп жазган анда «Москоу Пост».

Интернет-гезит булак катары буга чейин алты жазуу жарыяланган блогду, пайдаланган.

Материалга бул сүйлөшүүлөрдүн аныктыгын далилдеген эч кандай нерсе тиркелген эмес.

Кыргызстандын ЖМКсынан стенограмма бир гана «Ата-Журт» оппозициялык партиясынын мүчөсү Улан Чолпонбаев каржылаган «Чалкан» веб-сайтында жарыяланган.

«Чалкан» комментарийлөө үчүн жеткиликсиз, бирок «Москоу Пост» гезитинин төгүндөөсүн жарыялаган.

Премьер-министрдин катчысы Султан Каназаров стенограмманы интервьюда комментарийлөөдөн баш тарткан, бирок «Твиттер» микроблогдук платформасында өзүнүн ою менен бөлүштү.

«Кайрандар, өзүлөрү жазышып, дүрбөлөңгө салып коюп, өзүлөрү кайра четке кагып жатышат», – деп жазды ал.

Автору: Раим Досункулов

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Айсулуу Көкөева