Ысык-Көл облусу: Булан-Соготту айылынын жашоочулары «Аврораны» менчиктештирүүгө каршы кол чогултушууда

Булан-Сөгөттү айылынын жашоочулары айылында жайгашкан «Ысык-Көл Аврора» отель-санаторийин менчиктештирүүгө каршы 500 адамдын колтамгасын чогултту. Ал эми мамлекеттештирилген мүлктү башкаруу Фондунун билдирүүсү боюнча «Ысык-Көл Аврора» мамлекетке карайт жана аны менчиктештирбейт.

Булан-Сөгөттү айыл өкмөтүнүн спикери Борукчу Чорчоев «Клоопко» айылдык администрациянын бир жылдык бюджетинин үчтөн бир бөлүгү – 3-4 миллион сом – санаторийден түшөт деп билдирди.

Анын сөзү боюнча «Ысык-Көл Авроранын» кызматкерлеринин 70 пайызы – Булан-Сөгөттү жана ага жакын Корумду айылынын жашоочулары, санаторий менчик болгондон кийин жумуштан айрылып калуудан коркушат.

Айылдыктар объекттин менчикке чыгышына каршы 500дөн ашык колтамга чогулткан.

Чорчоев «Ысык-Көл Аврораны» кирешелүү ишкана деп эсептеп, аны сатуу «акылга салбагандык» деп айтууда.

Мамлекеттештирилген мүлктү башкаруу Фондунун кызматкери «Клоопко» санаторий сатыкка коюлбасын айтты.

Анын сөзү боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары Булан-Сөгөттүдө жайгашкан «Аврора плюс» жана «Аврора грин» эс алуу борборлорун менчиктештирүү жөнүндө маселени карап жатат.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын 20-апрелдеги отурумунда мамлекеттик мүлк фондунун башчысынын орунбасары Назира Усеналиева «Аврора плюс» жана «Аврора грин» эс алуу борборлорун менчиктештирүү мамлекеттин каражатын үнөмдөө үчүн керек дейт, себеби ал объекттерди кармоо үчүн каражат сарпталууда.

Алар 2010-жылы улутташтырылган, себеби экөө тең Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиевдин туугандарына таандык болушкан.

Авторлор: Раим Досункулов жана Айкөл Болотбекова

Фотосүрөттүн булагы: aurora.kg

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Айсулуу Көкөева