Баткен: Лейлек районунда үйү жараксыздар чатырларда жашап жатат

Лейлек районуна караштуу Кулунду айылдык округунда селден улам, 458 үйдү алып кеткен. Алардын ичинен 48 үй жараксыз абалда. Азыркы учурда 30дан ашык үй-бүлө чатырларда жашап жатат. Жалпысынан божомол түрдө 115 миллион сомдон ашык зыян келтирди. Каза болгондор жок.

Өзгөчө кырдааладар министрилигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекиловтун маалыматында, алардын кызматкерлери чатырларды тигип, үйү жараксыздарды жайгаштырышкан.

“Кулундуга 30дан ашык чатыр берилди. Мурда эле үйсүз калган адамдар болгон эмес. Туугандарынын үйүнө көчүрүлүп, чатырлар тигилип эшигинин алдына жайгаштырылган”,—дейт Бекилов.

Таза суу жана жарык менен камсыз болуп, азыр тазалоо иштери улантылып жататканын Бекилов кошумчалады.

Суу ташкынын айынан 30 километр асфальт жол, 234 гектар айыл-чарба эгин айдоолору жарактан чыккан.

Лейлек районунун акими Абдибаит Жалилов кеткен чыгымдарды “Клооптун” кабарчыларына эсептеп берди.

“1100 метр суу өткөргүч зымдары, 156 кара малды жана төрт каналды уруп кеткен. Беш дамба, бир автокранды агызып кеткен […]. Майрам жок элдер баары ошол менен убара. 29- апрелдеги жыйынтыгы боюнча 381 Кулунду, Аксууда 60 адамдын үйүн баскан”,—деп кейиди аким.

Булардын бардыгы 115 миллион 365 миң сом зыян жеткирди.

Ушул аймактын жашоочусу Абдулла Чоңотоев үйлөрдүн абалы кооптуулугунан чатырларда жашап жатканын билдирди.

“Үйлөрүбүздү сел каптап калды. Жашамак турсун кирүү кооптуу болуп калды. Азыр чатырларда жашап атабыз. Адамдын белине чейин сел акты. Азырынча тамак-аш жетип келе элек [гуманитардык жардам]“,—дейт жабырлануучу.

Ал эми Кулунду айылынын жалпы дарыгерлер борборунун директору Айжамал Элчиеванын айтуусунда, сел болгон түнү бир адам сууктан үшүп, өзүн жоготкон абалда ооруканага жеткирилген. Азыркы учурда дарыгерлердин көзөмөлдөөсүндө. Калгандары үй-шартында дарыланууда.

“Азыркы убакта 411 оорулуу таптык. Алар кан басымы көтөрүлгөндөр, суук тийгендер”,— деди Элчиева.

Буга чейин Ош облусунда Кара-Суу, Өзгөн, Араван, Ноокат, Кара-Кулжа райондоруна караштуу айылдардагы 300дөн ашуун үйдү сел каптаган. Адам өмүрүнө коркунуч келген эмес.

Автор: Нуржамал Мураталиева

Редактор: Айзат Шакиева

Сүрөттө Ош шаарындагы сел алган аймак көрсөтүлдү