Кыргызстандык мектеп окуучулары нетбуктардын жардамы менен окуп калышы мүмкүн

«Эндекс солюшенс» компаниясы кыргызстандык окуучуларга окуу үчүн атайын ылайыкташкан нетбуктарды сунуштады. Билим берүү министрлиги нетбуктардын баасына ыраазы эмес, бирок жалпысынан демилгени колдоп жатат.

Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин парламенттик жыйынында “Бир окуучу – бир компьютер” аттуу долбоордун презентациясы өттү. «Эндекс солюшенс» компаниясы кыргызстандык мектеп окуучуларына дептердин ордуна нетбуктарды колдонууну сунуштады.

«Классмэйт ПК» компаниясынын сунуштаган нетбуктары — бул эң популярдуу компьютердик процессорлордун өндүрүшчүсү “Интел” компаниясынын атайын долбоору.

Компаниянын билдирүүсүнө караганда, «Классмэйт» балдар үчүн бюджеттик компьютерлерди даярдоо долбоору болуп саналат, жана алар Кытайда жасалат.

«Эндекс-солюшенс» компаниясынын өкүлү Данияр Ниязов бул нетбуктарда атайын операциялык система орнотуларын билдирди.

«Мектеп окуучуларына, биринчи класстан баштап атайын нетбуктар сунушталган. Нетбуктар алар үчүн иштелип чыккан жана атайын программалык камсыздоолору бар. Бул жок эле дегенде, учурдагы китеп жетишсиздик маселесин 50 пайызга жоёт», — дейт Ниязов «Клоопко» берген интервьюсунда.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Керез Жукеева министрлик бул демилгени колдой турганын айтты.

«Компьютеризация дүйнөсүндө өспүрүмдөрдүн туура өнүгүүсү жана алардын коомго толук кандуу аралашуусу үчүн балдар башынан эле заманбап технологиялар менен, анын ичинде нетбуктар менен, иштегенди билиши керек», — дейт Жукеева

Билим берүү жана илим министри Канат Садыков парламенттеги презентация учурунда “нетбуктарды алуу үчүн арзаныраак долбоорлор бар” экенин белгилеп өткөн.

Ал эми компаниянын өкүлү Данияр Ниязов атайын нетбуктардын баасы 300 долларды түзөрүн билдирди. Анын айтымында, долбоор билим берүү министрлиги тарабынан каржыланат.

Мектептерге нетбуктарды сатып алуу демилгесин биринчи жолу министр Канат Садыков 2012-жылдын февралында билим берүүнү өнүктүрүүнүн жаңы концепциясын сунуштап жатканда айткан.

Россияда дал ушундай «Бир окуучу — бир компьютер» долбоору 2010-жылдан бери ишке киргизилген.

Фото Laptopsarena сайтынан алынды.

Которгон: Урмат Борченов

Редактор: Улукбек Акишев