Жалал-Абад: Нөшөрлөгөн жаандан улам жүздөгөн үйлөрдү суу каптады

Үч күндүк нөшөрлөп жааган жамгыр Жалал-Абад облусунун төрт районунда суунун каптоосуна алып келди. Жабыркагандар жана кыйроонун масштабдары туурасында ырасмий түрдөгү так маалыматтар жок. Маалым болгон анык булактар боюнча эки райондо эң аз 293 турак үй жабыркаган.

26 апрелден 29 апрелге чейинки төккөн жаан Жалал-Абад облусунун Сузак, Ноокен, Аксы жана Базар-Коргон райондорунда кыяндын жүрүшүнө алып келди.

Өзгөчө Кырдаалдар Министрлиги облустагы суу каптаган турак үйлөрдүн саны боюнча жалпы маалыматтарды тактай албай жатат.

Базар-Коргон районунун Акман айылында эле 113 турак үйдү суу каптап кеткен.

Дагы 180 үйдү Сузак районунда суу каптаган деп билдирет жергиликтүү аким Нурболот Мирзахметов.

Сузакта ошондой эле айдоо жерлери жана чарба курулуштары да жабыркаган.

Учурда кыяндын кесепетинен жабыр тарткан кайсы бир адамдар тууралуу маалыматтар жок.

“Өзгөчө Кырдаалдар Министрлиги бизге солярка менен жардам берип жатат, биз Кара-Дарыя айылдык округу үчүн 2 тонна жана Сузак округуна 3 тонна солярка сурадык. Азыр күтүп жаткан чагыбыз”, — деп билдирет аким Мирзахметов.

Сузак районунун Жаңы-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысы Абдыкерим Молдобаевдин айтуусу боюнча айылдагы Көл участогунда жайгашкан 100 турак үйдү толугу менен суу каптаган.

“Негизинен чарбалык курулуштарды жана бакчаларды жууп кеткен. Азыр техникаларды алып келип иштеп жатабыз, эң биринчи ирет жолдор тазаланып жатат.”,- дейт Молдобаев.

“Дөңсөөгө чыгып кутулдук”

Жаңы-Дыйкан айылынын тургуну Сардар Абдыллаева бакчадагы бардык айдоолор толук жуулуп кетти, чарбалык курулуштар жараксыз болуп калды деп айтты.

“Жолдошумду аз жерден селдин агымы агызып кете жаздады, неберелерим менен араң кармап калдык. Дөңсөөгө чыгып кетип кутулдук. Азыр ашкана бөлмөсүнүн эшигин ача албай жатабыз. Айдоо талааларынан эчтеке калган жок.”, — деп арызданат Абдыллаева.

Базар-Коргон районунун Акман айылынын жашоочусу Төркүн Дүйшебаева алардын үйү дөңсөө жерде жайгашкандыктан зыянга учураган жок деп билдирет. Анын айтымы боюнча бирок, айдоо жерлерин куткарууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

“Ташкындаган суу үч күнгө созулууда. Биринчи күндөн кийин келип тазалоо иштерин жүргүзүшкөн, ал эми азыр, кыязы, өкмөт жетишпейт жатат окшойт”, — дейт Дүйшебаева.

Жаздын келиши менен Кыргызстандын түштүк райондорунда кардын эрүүсү жана төкмө жаандардан улам кыяндар башталды. Бул сымал суу ташкындары башка облустарда да болгон-Баткен облусунун Лейлек районунда 400 дөн ашуун үйдү сел жууп кеткен.

Авторлор: Миргуль Эшбаева жана Гулзара Бакаева

Которгон: Азиз Нортожиев

Редактор: Эльдияр Арыкбаев