Кыргыз делегациясы темир жол курууну талкуулоо үчүн Пекинге келди

Кыргызстандык делегация кытайлык бийлик менен эки күндүк сүйлөшүүлөр үчүн Пекинге келди. Талкуунун негизин Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу маселеси түзөт.

Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов баш болгон кыргыз чиновниктери Кытайдын борборуна темир жол курууну талкуулоого келишти, деп билдирет Пекиндеги кыргыз элчилигинин кеңешчиси Актилек Мусаева.

Диалог кыргыз делегаттары менен Кытайдын коммуникация министрлиги жана Кытайлык подрядчиктердин ассоциациясынын өкүлдөрү ортосунда өтөт. Подрядчиктердин арасында жолду салуу үчүн техникалык-экономикалык негизди бекер түзүп берүүгө макулдугун берген «Чайна Роад энд Бридж Корпорэйшн» команиясы да бар.

Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Ван Кайвэндин божомолунда, талкуунун негизги темалары темир жолдун техникалык мүнөздөмөлөрү жана курулушту каржылоо жагы болот.

Кытай темир жол колеясынын туурасы 1435 миллиметр болгон стандартты колдонот, ал эми КМШ өлкөлөрүндө туурасы 1520 миллиметр болгон “орус колеясы” таралган.

Пекин кыргыз жан өзбек бийлиги менен Борбор Азия территориясында алардын стандартын колдонуу боюнча макулдашууну көздөп жатат. Себеби ал кыргыз-кытай чек арасында кытай стандартынан “советтикке” өтүү маселесин каалабайт.

Кайвэнь “Азаттык” радиосуна берген интервьюсунда, тараптар курулуш кандай формада каржыланарын чечип алышы керек деп айткан. Кытай жол куруу үчүн кредит берүүгө даяр, бирок Кыргызстан карызды кайтарып берерине көзү жетпей атканын да кошумчалаган.

Жалпыга маалымдоо каражаттарында Кытай Кыргызстандан Нарын облусундагы Сандык жана Жетим, Жалал-Абад облусундагы Иштамберды кендерин сурайт деп бир нече жолу жазышкан.

Алар Кыргызстандын транспорт министрлигиндеги анонимдүү булакка жана депутат Райкан Төлөгөновго шилтеме жасашкан. Депутат өз кезегинде бул сөздөрдү «Чайна Роад энд Бридж Корпорэйшн» компаниясына таянып айткан.

Мында Кытай Кыргызстанга расмий түрдө кредиттин ордуна керектелчү талаптарын койгон эмес.

Кыргыз бийлиги комментарийди сүйлөшүүлөр бүткөн соң берерин айтышты.

Өкмөт темир жолдун курулушу соода жана туризмдин өнүгүшүнө, магистраль бириктирген өлкөлөрдүн экономикалык алакаларын күчтөндүрүүгө себеп болоруна ишенет.

Темир жолун куруу боюнча сүйлөшүүлөр 10 жылдан ашык убакыт боюнча жүрүп келет. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу Кытайды Европа менен бириктирүүгө багытталган.

Автор: Евгений Погребняк

Которгон: Урмат Борченов

Редактор: Элдияр Арыкбаев