Мурзалиевдин адвокаты: «Мегакомдогу» уурдоолор боюнча УКМКнын айыптоолору бир да документ менен тастыкталган жок

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Мегаком» уюлдук операторунан акча чыгарып кетүү иши боюнча жаңы жагдайларды таап чыкты— компаниядан үч миллион эмес 9 миллион АКШ доллары уурдалган, деп билдиришет ведомстводон. Айыпталуучунун адвокаты бул айыптарга эч кандай далилдердин келтирилбегендигин айтууда.

УКМКнын жетекчиси Шамиль Атаханов 1-майда «Азаттык» радиосуна, “Мегакомдогу” мыйзамсыз финансылык махинациялар боюнча жаңы фактылар ачылганын айткан.

Анын айтымында, компаниядан мурда айтылган үч миллион менен кошо дагы 6 миллион АКШ доллары чыгарылып кеткен.

«Бул акчалар Гонконгко, андан соң офшордук зоналарга чыгарылып кеткен. Азыр ал акчалар кайсы кишилердин эсебине которулганы белгисиз», — деп жазат «Азаттык» УКМКнын маалыматына таянып.

Мурзалиевдин адвокаты Виктория Каргабаева «Клоопко» берген маегинде, УКМК айтылган суммалар туурасында азырынча “бир да” далил келтирбегенин билдирди.

«Биз ар бир жыйында УКМКнын кызматкерлеринен бул цифраларды кайдан алдыңар деп сурайбыз» — дейт Каргабаева.

Коопсуздук комитетинин басма сөз катчысы Нурбек Токталиев тергөө сырынын ачылбасын шылтоолоп, бул иш боюнча маалымат берүүдөн баш тартты.

«Бул суроого комментарий бере албайм, себеби азыр тергөө жүрүп жатат», — дейт Токталиев.

Айыпталуучу Азамат Мурзалиевдин бир тууганы Данияр Султаналиев атайын кызматтагылар “Мегакомдун” мурунку гендиректорун “каралоо” аракетин көрүүдө дейт.

«Алар баарын каралаганга аракет кылып жатышат. Бирок эч нерсе далилденген жок, тергөө бүтө элек. Мындай маалыматты далилдебей туруп жаюу мыйзамсыз, алардын буга укугу жок болчу», — деп нааразы Султаналиев.

Коопсуздук комитетинин басма сөз катчысы Нурбек Токталиев айыпталуучу Азамат Мурзалиев, анын кеңешчиси Алмазбека Абеков жана «Новострой Сервис» ЖЧКнун директору Кенжебек Аман уулун УКМКнын изоляторунда камоо 2012-жылдын 30- майына чейин узартылганын билдирди.

Мурзалиевдин адвокаты аларды Бишкек шаардык сотуна которуу боюнча өтүнүч жөнөтөрүн айтты.
Үчөө тең Кылмыш жаза кодексинин 221- (кызматынан кыянаттык менен пайдалануу), 171- (ишенип берилген мүлктү коротуу жана менчиктеп алуу), 350- (жасалма документтерди кылуу) жана 166-(алдамчылык) беренелери боюнча айыпталууда.

Финансылык махинациялар боюнча айыптоолор

Азамат Мурзалиев УКМК тарабынан 2012-жылдын январь айынын аягында коррупцияга шектелип кармалган. Ал 3 миллион сом зыян алып келген финансылык махинацияларды жасаган деп айыпталып жатат.

УКМКнын антикоррупциялык кызматынын маалыматы боюнча, Мурзалиев жана уюлдук оператордун жетекчилигинин бир нече өкүлү “коррупциялык схемага” аралашкан, бул схема аларга “мыйзамсыз түрдө” компаниянын акчасын жасалма подрядчик аркылуу менчиктеп алууга мүмкүндүк берген.

2010-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин уюлдук операторду менчиктештирүү жүргөн. Андагы бийликтин ишендиргенине караганда компания Максим Бакиевдин жакыны Алексей Елисеевке таандык болгон.

Мамлекеттик мүлк министрлиги компаниянын жетекчилигине Мурзалиевди 2011-жылы дайындаган. Анда министрликтин башында Өмүрбек Бабанов жетектеген «Республика» партиясынын өкүлү Нурдин Илебаев турган.

Ал эми Мурзалиевди камаган УКМКнын алдындагы антикоррупциялык кызмат президент Алмазбек Атамбаев тарабынан түзүлгөн.

Автор: Гүлзара Бакаева

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Урмат Борченов