Бишкек: кээ бир каттамдар боюнча жол кире «мыйзамсыз» түрдө көтөрүлгөн

Шаар четине каттаган бир нече ташуучу компания жол кирени “аргасыз” түрдө 5-10 сомго көтөргөндүгүн айтышат. Монополияга каршы саясат бөлүмүнүн Чүй-Талас башкармалыгынын жетекчиси мындай аракеттер мыйзамсыз экенин билдирди.

Атаандаштыкты жогорулатуу жана монополияга каршы саясат бөлүмүнүн Чүй-Талас башкармалыгынын кызматкерлери, шаар четине каттаган бир нече транспорттук компания мыйзамсыз түрдө жол кирени жогорулатып алгандыгын аныкташкан.

Бөлүмдүн жетекчиси Бообек Оморовдун айтымында, жол кире алардын макулдугу жок көтөрүлбөш керек.

Мисалы, Бишкек-Сокулук каттамы боюнча жол кире 25 сомго, Бишкек-Беловодск каттамы боюнча 40 сомго чейин көтөрүлгөн.

Оморов «Клоопко» берген интервьюсунда, транспорттук компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүп, жол кирени жогорулатуу боюнча сунуштарын карап чыгаарына сөз бергендигин айтты.

Жол кирени көтөргөн транспорттук компаниялардын биринин жетекчиси Владимир Гребенников мындай кадамдарга «аргасыз» баргандыгын айтты.

Анын айтымында, жол кире кеткен чыгымдарды актабай жатат.

«Күйүүчү мунай заттын, унаа тетиктеринин, аккумулятордун баасынын кымбатташы менен чыгымдарды актай албай жатабыз», — дейт Гребенников.

Бишкек шаардык кеңешинин чечими боюнча, коомдук транспорттогу жол кире 1-майдан баштап көтөрүлгөн.

Бишкек шаары боюнча жол кире күндүз 10 сом, кечки тогуздан кийин 12 сом, автобус жана троллейбустардагы жол кире 8, «эксперсс» каттамдарда 12-17 сомду түзөт.

Автор: Раим Досункулов

Сүрөттүн булагы: azattyk.org

Редактор: Зарема Султанбекова