Басма сөз эркиндиги көрсөткүчтөрү боюнча Кыргызстан 197 мамлекеттин ичинен 155 орунду ээлеп, «эркин эмес» мамлекеттер категориясына кирди, дейт америкалык мамлекеттик эмес «Фридом Хауз» уюму.
Кыргызстан 69 упай топтоп 197 мамлекеттин ичинен 155 орунду ээледи. Ушул эле орунга Кыргызстан 2011-жылкы жыйынтыктар боюнча да татыган.
Республика сөз эркиндиги көрсөткүчтөрү боюнча «эркин эмес» мамлекеттердин категориясында калды.
Кыргызстан менен бирге Ирак жана Тоголез Республикасы да 155-орунду ээлди.
Бирок, мындай орунга карабастан Кыргызстан Борбор Азиядагы коншу мамлекеттерди артка калтырды.
Тажикстан — 171, Казакстан — 175, ал эми Түркменстан жана Өзбекстан Түндүк Корея менен акыркы орундарды ээлешти.
Кыргызстандын башкы шериктеши Орусияны «Фридом Хауз» авторитардык мамлекеттердин категориясына киргизип, 172-орунга жайгаштырды.
Кыргызстандын рейтингдеги ордуна карабастан Борбордук Азия аймагындагы көрүнүктүү мамлекеттерден болуп саналат, деп мурунку жылы иликтөөнүн жетекчиси Карин Карлекар пикири менен бөлүшкөн.
«Кыргызстанда саясий туруксуздук жана этникалык кагылышуулар болгонуна карабастан өлкөдө жакшы өзгөрүүлөр байкалат. ММК тармагында реформалоо жүргүзлүдү», — дейт серепчи.
Сөз эркиндиги индекси боюнча, мамлекеттер «эркин» «жарым-жартылай эркин» жана «эркин эмес» деп бөлүнөт.
Мамлекеттин упайы канчалык аз болсо, рейтингдеги орду ошончолук жогору болот. Изилдөөгө катышкан мамлекеттер үч категория боюнча бааланат: юридикалык, саясий жана экономикалык.
«Жарым-жартылай эркин» мамлекеттер категориясына кирүү үчүн Кыргызстан 60 упай топтошу керек. Ал эми «эркин» мамлекеттердин категориясы үчүн 30 упай алуу шарт.
2012-жылдын январь айында Франциялык «Чексиз кабарчылар» уюму сөз эркиндиги индексин жарыялашкан. Алардын жыйынтыктары боюнча Кыргызстан «жарым-жартылай эркин» мамлекеттердин арасына кирген.
Серепчилердин пикири
«Журналисттер» коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев Курманбек Бакиевдин бийлиги кулатылгандан бери сөз эркиндиги өстү деген пикириде.
«Азыркы күндө массалык маалымат каражаттарына мурункудай басым көрсөтүлбөйт, атайын саясат жүргүзүлбөйт. Бирок, бийликтин акыркы демилгелелери чочулатып жатат», — дейт Токоев.
Премьер-министр Өмүрбек Бабанов апрель айынын аягында ММКлардын жарыялаган макалалар үчүн жоопкерчиликти күчөттүү боюнча пикирин ортого салган.
«Ар ким өзүнүн жоопкерчилигин түшүнүш керек. Мисалы, кыргыз тилдүү гезиттер эмнени гана жазышпайт», — деп «АКИпресс» кабар агенттиги Бабановдун сөзүн келтирет.
Мындай сөздөр казакстандык миллиардер Булат Утемуратов менен премьер-министрдин сүйлөшүүсүнүн стенограммасы деп жарыяланып чыккан маалыматтардан кийин айтылган.
«Откыртая позиция» коомдук фондунун жетекчиси Дмитрий Кабак, ММКлардын жоопкерчилигин жеңилдетүү мамлекет үчүн эле пайдалуу болмок дейт. Анын айтымында, Кыргызстандын рейтингдеги ордуна депутаттардын акыркы демилгеси таасирин тийгизди.
«Эгер сот угуулары боюнча түштүктөгү телекомпаниялардын ээлерине укуктары кайтарылып калыбына келтирилсе, «5 канал» парламенттик канал болуп өзгөрүшүнө карабастан көз карандысыз бойдон калса, булардын баары мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн пайдалуу болмок», — дейт Кабак.
Медиа Полиси Институтуну серпчиси Акмат Алагушев «Фридом Хаустун» көрсөткүчтөрүнө ишенбейт.
«Жыл сайын ушундай ойго келбеген нерселерди кантип жазышат, түшүнө албайм?», — дейт серепчи.
Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын өзгөрүшү
Изилдөөнүн жетекчиси Карин Карлекар 2009-жылга салыштырмалуу сөз эркиндик көрсөткүчү 2012-жылы бир кыйла өскөндүгүн белгиледи. Анткени, 2009-жылы бир топ авторитардык мамлекеттер ММКларга карата тескөөсүн күчөткөн.
Карлекар «Фридом Хауз» Жакынкы Чыгышта жана Түндүк Африкадагы сөз эркиндигин өсүшү үчүн кубандыргандыгын айтып өттү.
Изилдөөнүн авторлору мындай өзгөрүүлөрдү «араб жазы» төңкөрүштөрү менен байланыштырышат.
Ливия, Египет жана Тунистеги төңкөрүштөр “жарым-жартылай эркин» мамлекеттер категориясы кирүүгө мүмкүнчүлүк түздү.
Апрель окуялары Кыргызстан үчүн мындай кескин өзгөрүүлөрдү алып келбеди. 2011-жылдын жыйынтыктары боюнча Кыргызстан 159-орундан 155-орунга гана көтөрүлдү.
Автор: Евгений Погребняк
Редактор: Эльдияр Арыкбаев
Логотип: «Фридом Хауз»