Коомдук уюм Кыргызстанга алынып келинген мунайдын «монополдошуусуна» кабатыр

«Фонд прогресса» коомдук уюму «Газпром нефть Азия» жана «Газпромнефть-Аэрого» пошлинасыз отун жеткирүү укугун берүү рынокту монополияга алып келет деп эсептейт.

«Фонда прогрессанын» жетекчиси Адиль Турдукулов Жогорку Кеңеш «Газпром нефть Азия» менен «Газпромнефть-Аэрого» күйүүчү-майлоочу майларды пошлинасыз киргизүү укугун берүүнү карап жатканына тынчсызданууда.

Анын оюнда, мындай укук башка мунай жеткирүүчүлөрдүн укугун бузат жана «Конкуренция жөнүндө» мыйзамга карама-каршы келет.

«Монополия болот, бардык россиялык мунай ишканаларынын — «Роснефть», «Лукойлдун» — жолу жок калып, «Газпром» бааларды өзү аныктай баштайт», — деп кабатырланат Турдукулов.

Ал, эмнеге дал ушул компаниялар тандалып алынды деп суроо салат. Турдукуловдун айтымында, 2008-жылы түзүлгөн «Газпромнефть-Аэронун» «өзгөчө деле» бизнес-тарыхы жок.

«Фонд прогрессанын» башчысы ошондой эле «Манас» транзиттик борборуна болгон жеткирүүлөр «тунук эмес» экенин кошумчалады.

Анын сөзүнө караганда, АКШнын, Россиянын элчилери жана Кыргызстан президентинин аппаратынын өкүлү отун жеткирүүлөр боюнча маалымат «Газпромнефть-Аэронун» сайтында жайгаштырылат деп макулдашышкан, бирок ал жерде маалымат жок.

«Азыр кандай көлөмдө күйүүчү-майлоочу май жеткирилип атканы белгисиз – эч ким жооп бере албайт. Мен алардын сайтына кирдим, бирок ал жерде эч нерсе жок. Бардыгы мурдагы Бакиев учурундагыдай эле жабык режимде өтүп жатат», — дейт ал.

«Газпромнефть-Аэронун» директорунун орун басары Мекен Бейшекиев транзиттик борборго отун жеткирип жатышканын тастыктады, бирок “рыноктун монополдошуусу” тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.

Автор: Любовь Шевченко

Которгон: Урмат Боченов

Автор фото: пользователь сайта flickr.com Luposky

Редактор: Зарема Султанбекова