Укук коргоочулар депутаттардын айлыгы канча экенин биле алышкан жок

Депутаттардын айлыгы «кызматтык маалымат» болуп эсептелет жана жарыя кылынбайт деп эсептейт парламенттин аппараты. Укук коргоочулар калк алардын салыгынын эсебинен жашагандардын айлыгын билүүгө укуктуу экенин айтууда.

«Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» аттуу укук коргоочу уюм Жогорку Кеңештен парламентарийлер айлыгы тууралуу маалыматты талап кылды.

Жоопту күтпөстөн, уюм маалымат берүүдөн баш тарткандыгы үчүн Бишкек район аралык сотуна арыз берди.

Парламент сот жыйынына бир күн кала 2-майда жооп берди, буга байланыштуу сот ишти жабууга өкүм чыгарды.

Бирок Жогорку Кеңеш өз жообунда укук коргоочуларга маалымат берүүдөн баш тартты, алардын оюнда маалымат “кызматтык колдонууга” багытталган жана берилбейт.

«Коалициянын» юристи Азамат Адилов депутаттардын айлыгы салык төлөөчүлөрдүн эсебинен берилип аткан соң, коомчулук алардын канча айлык алып жатканын билүүгө укугу бар дейт.

Жогорку Кеңештин иштерин башкаруунун өкүлү Эрнис Бабиев бул маалымат кызматтык болгондугу үчүн, парламент аны жарыялай албасын билдирди.

Укук коргоочулар парламенттин чечимин кайрадан сотко берүүгө чамданууда.

«Мында бир нече варианттар бар. Маселени кайрадан сот аркылуу чечебиз же Жогорку Кеңешке кызматтык колдонуу статусундагы маалыматты берүү боюнча жаңы өтүнүч жөнөтөбүз», – дейт Адилов.

Автор: Раим Досункулов

Которгон: Урмат Борченов

Сүрөттүн автору: ELF

Редактор: Зарема Султанбекова